Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Шайлоо-2021: үгүт шары менен иштен кеткендер


БШК
БШК

Кыргыз бийлиги 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууга жол бербей турганын байма-бай билдирүүдө. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу аралаш система менен өтүп жаткан парламенттик шайлоодо кандай өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн?

Ал тапта Ош облустук ички иштер башкармалыгы шайлоого катышып жаткан бир партиянын өкүлү акысыз бензин үчүн талон таратканы аныкталгандыгын билдирди. Буга чейин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев талапкерлер шайлоого аз калганда добуш сатып алууга кам көрүп жатканы жөнүндө маалыматы бар экенин билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт ишине аралашкан мамлекеттик кызматкерлерди кызматтан алуу уланууда. 12-ноябрда Талас округунан талапкер Эмилбек Абдыкадровго бата берүү иш-чарасына катышкан Талас районундагы Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Молдокулов кызматтан алынды.

Алай районунун Гүлчө айылында окуучулар үгүт иш-чарасына катышканы үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев өз каалоосу кызматтан кетти.

Ноокат шайлоо окуругунан талапкер Бакытбек Мариповдун мечитте жолугушуу өткөрүп, үгүт жүргүзүүсү боюнча милиция териштирүү баштады. Бакытбек Марипов мурдагы өкмөт башчы Улукбек Мариповдун иниси, анын атасы Асамидин Марипов Ноокат райондук ооруканасын башкарат.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгы “Азаттык” партиясынын өкүлү акысыз бензин үчүн талон таратканы тастыкталганын билдирди. Аталган партиянын жетекчилиги милициянын маалыматын четке кагууда.

Буга чейин “Азаттык” партиясы өткөргөн үгүт ишине студенттерди алып барган мугалимдер үчүн Ош мамлекеттик университетинин жетекчилери жаза алган.

Саясат талдоочу Айболот Айдосов бийлик берген убадасын аткарып таза шайлоо өткөрө турган болсо Кыргызстандагы шайлоо модели чөлкөмдөгү өлкөлөргө үлгү болот деп билдирүүдө.

Айболот Айдосов
Айболот Айдосов

“Кыргызстандыктар референдумда президенттик башкарууну тандап алды. Президент муну түшүнүп, мурдагы окуялардан сабак алып административдик ресурсту токтотуу боюнча катуу талаптарды койду. Бул кыргыз саясатында жаңылык. Анткени буга чейин шайлоонун бардыгы административдик ресурсту колдонуу менен өткөн. Биздин шайлоо өткөрүүнү Борбор Азия, КМШ мамлекеттери модель катары колдонсо болот. Бийлик ушул багытта демократиялык процессти өнүктүрө берсе, эл өзгөрөт, демократиялык процесстер туура багытта кетет. Шайлоо күнүнө аз эле убакыт калды, чыдап туралы”.

Буга карабастан шайлоо канчалык таза өтөт деген маселе актуалдуу бойдон. Атүгүл бийлик жетекчилери дагыа тобокелдиктер тууралуу эскертип жатат

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев болсо 10-ноябрда Кара-Көл шаарындагы УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, шайлоо күнүнө жакын добуш сатып алууга даярданган талапкерлер бардыгын айтты.

“Биздеги маалыматтарга караганда, айрым талапкерлер шайлоого аз калганда добуштарды сатып алууну көздөп жатат. Шайлоого бир жума калгандан тартып, УКМКнын кызматкерлери уктабай, күнү-түнү көзөмөл кылышы керек. Добуш сатып алуу фактысына көңүл бурбай койгон кызматкерлер жазага тартылат”.

Президенттин алдындагы антикоррупциялык кеңештин эксперти Айдар Мамбеткадыров атайын кызматтын башчысынын сөзүн мындай чечмеледи.

“Буга чейинки шайлоолор учурунда добуш сатып алуунун туруктуу системасы түзүлүп калган. Азыр дагы айрым талапкерлер мурдагыдай шайлоого эки-үч күн калганда же шайлоо түнү добуш сатып алууну максат кылып жатышы мүмкүн. Атайын кызматтын башчысында оперативдүү маалыматтар болуш керек. Президенттин тапшырмасынан кийин укук коргоо органдары добуш сатып алууну токтотуу үчүн болгон күчүн жумшаш керек. Ишти шайлоодо көрөбүз”.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шайлоочулардын добушун электрондук капчыктарды колдонуу аркылуу сатып алуунун жаңы ыкмасы колдонулат деген коркунуч бар экенин айтып чыккан.

Талапкер болуп үгүт ишин жүргүзүп жаткан депутат бул жолку шайлоонун жүрүшү тууралуу буларды айтты.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Биздин байкообузда азыр админстративдик ресурсту колдонуу мурдагыдай жок. Добуш сатуу тилекке каршы бар деп угуп жатабыз. Бирок кармап, каттоого азырынча мүмкүн боло элек. Жаштар арасында заманбап технологияларды колдонуу аркылуу добуш сатып алуу мүмкүн деп буга чейин дагы айткам. Ошондуктан шайлоо күнү электрондук капчыктарды токтото туруу сунушун бердим эле. Бул шайлоонун мурдагыдан айырмасы партиялар креативге көп басым жасабай, шайлоочулар менен так иштеп жатат”.

Ички иштер министрлиги 11-ноябрда тараткан маалыматта өлкөдө үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 73 факты катталган.

Анын ичинен 19 факты боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси (“Шайлоочуларды сатып алуу”) менен териштирүү жүргүзүлүүдө.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоо Кыргызстан тарыхында биринчи жолу аралаш система менен өтөт. Шайлоочулар бир мандаттуу округдардан талапкерлер менен катар партияны жана партиянын тизмесиндеги адамга дагы добушун берет.

Саясий серепчи Денис Бердаковдун пикиринде жаңы шайлоо системасы жана бийликтин таза шайлоо өткөрүү ниети саясатчылардын салмагын даана аныктап берчү өзгөчө учур.

Денис Бердаков
Денис Бердаков

“Учурда талапкерлер арасында күчтүү конкуренция болуп жатат. Партия лидерлеринин диктатурасы жоюлган, ар бир талапкер өзү үчүн добуш алууга чуркап жүрөт. Ошондуктан бул шайлоо өтө кызык болот. Төшүн каккылаган саясатчылар канча добуш алганын шайлоо күнү кечинде көрүп эрмектейбиз. Бул шайлоо саясатчылардын салмагы канча деген талаш-тартышка чекит койчу шайлоо”.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, босого чек жети пайыздан үч пайызга түшүрүлүп, кийин кайра беш пайызга көтөрүлгөн. Өлкөнүн аймагында №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылып, күрөө 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300дөн ашуун талапкер ат салышууда.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG