Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

Ректорду кызматтан кетирген үгүт иши


Ош мамлекеттик университетинин акцияга чыккан мугалимдери

Парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу бир катар жетекчилер кызматтан алынып, айрымдарына сөгүш жарыяланды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун каарына бул жолу Ош мамлекеттик университетинин ректору, педагогика факультетинин деканы жана үч окутуучусу калды. Андан тышкары билим берүү министрине жана Ош шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды.

Үгүттөн жаза алгандар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-ноябрда шайлоо жараянынын ачыктыгын камсыздоодо көрүлүп жаткан чаралар тууралуу билдирүү жасады.

Шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана президенттин жарлыгын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгына байланыштуу Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, педагогика факультетинин деканы Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу иштен алынган.

“Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоо өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо жараянына кийлигишпеңиздер”, - деди Акылбек Жапаров.


Ошондой эле билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовго жана Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

Акылбек Жапаров үгүт иши башталгандан бери шайлоо мыйзамын бузганы үчүн Лейлек районунун акими убактылуу кызматтан алынып, Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланганын дагы белгиледи.

Өткөн аптада Ош шаарынын борбордук аянтына Ош университетинин педагогика факультетинин мугалимдери бир канча студентти “Азаттык” партиясынын талапкерлери менен жолугушууга алып барганы белгилүү болгон. Бул факт боюнча укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп, "экскурсия" деген шылтоо менен студенттер үгүт иш-чарасына катышканы тастыкталган.


Ал тапта Ош университетинин кызматтан алынган ректору Кудайберди Кожобековго катаал чара көрүлгөнүн айтып, анын таламын талашкандар болууда. Ректорго чыккан чечимди кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин эки депутаты президентке кайрылды. Ал ортодо Ошто ректорду ордунда калтыруу боюнча университеттин бир канча мугалими акцияга чыкты.

Шамшыбек Медетбеков
Шамшыбек Медетбеков

“Мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлерге шайлоого аралашпагыла деп жатат. Ректор, декан, мугалимдерди жумуштан дагы алып жиберди. Бир жагынан туура болуп жатат. Анткени, бийлик административдик ресурсту колдонуп, мугалим, дарыгерлерди курал кылып келген да. Бирок тыйындын экинчи бети бар. Мугалим, дарыгерлердин дагы шайлоого аралашып, үгүт кылганга, жан тартканга Конституциялык укугу бар. Экинчи жагынан алардын укугу чектелип жатат. Мугалим менен дарыгер мамлекеттик кызматкер деген категорияга кирбейт. Ошол үчүн бөрк алам деп баш албаш керек”,-деди коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков.

Бийлик бул жолу шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартылат деп убада берип, "шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүү" аракетин көрөрүн жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда “Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка да кол койгон.

Бийликтин таза шайлоо өткөрүү убадасына ишенгендер дагы коомчулукта жок эмес. Алардын бири мурдагы премьер-министр Феликс Кулов.

Феликс Кулов
Феликс Кулов

“Элдин арасында ар кандай сөз болуп жатат. Кээ бири бийликтин таза шайлоо өткөрөм дегенине ишенбей жатат. Бирок жараян башталганын көрүп жатабыз. Административдик ресурс мурдагыдай болбосуна мен ишенем. Акылбек Жапаров Оштогу мыйзам бузуу боюнча катаал чараларды көрдү. Бир ай мурун президент менен жолукканда, ал таза шайлоо өткөрөм деген”.

Анткен менен бийлик шайлоо мыйзамдарын бузгандарга кош стандарт мамиле жасап жатат деп сындагандар дагы бар.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын айтымында, бийликке жакын делген талапкерлерден жана кызмат адамдарынан мыйзам кыйгап өтүүдө.

“Тилекке каршы, Борбордук шайлоо комиссиясы дагы, Министрлер кабинети дагы тандалма саясат жүргүзүп жатат. Мисалы, БШК эмне себептен Алмамбет Шыкмаматов боюнча арызды ушул күнгө чейин карабайт? Эмне себептен Бишкек эркин экономикалык аймагынын директору Кудрет Тайчабаров боюнча Министрлер кабинети чара көрбөйт? БШК Талант Мамытовду каттабай коет, сот болсо калыбына келтирет. БШК Тайчабаровго чара көргүлө дейт, Министрлер кабинети аткарбайт. Футбол ойноп жатышпайбы”.

Арсар арыздар

Борбордук шайлоо комиссиясы "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан, Жогорку Кеңештин төрагалыгын убактылуу токтоткон Талант Мамытовду кайрадан талапкер кылып каттады. Буга чейин убагында кызматын тапшырып бербей шайлоо мыйзамын бузган деп каттоодон баш тарткан эле. Бишкектин административдик соту 28-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгарган.

Боршайком бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кассациялык арыз жолдогон. Жогорку сот арызды 2-ноябрда карап, ал Административдик-процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт деген негиз менен артка кайтарган. БШК 2-ноябрда Жогорку сотко кайрадан кайрылган. Бирок арыз "мөөнөтүнөн кеч берилди" деген жүйө менен кайра артка кайтарылган.

31-октябрда Социал-демократтар партиясынын катчылыгынын башчысы Таалайбек Усубалиев мурдагы инвестиция министри, шайлоого катышып жаткан Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызданган. Анда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий баштала электе Коомдук биринчи канал "Биздин айыл" деген 25 мүнөттүк берүү көрсөткөнү, анын басымдуу бөлүгүн Шыкмаматов менен маек ээлегени айтылган.

Ал эми Бишкек эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаровго Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чара көрүүнү сурап, Министрлер кабинетине кайрылган. Боршайком Тайчабаровдун шайлоого талапкер болуп аттанган бир тууган карындашына арнаган төрт сап ырында мыйзам бузуу бар деп тапкан. Бирок ал муну четке каккан.


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев арыз-даттануулар боюнча мыйзам чегинде иш жүрүп жатканын, Алмамбет Шыкмаматов боюнча чечим чыга электигин айтты.

“Алмамбет Шыкмаматов боюнча арызды жумушчу топ караганбыз. Аны отурумга алып чыга электе эле Шыкмаматовго экинчи арыз келип түштү. Ошол эле адам арызын толуктап кайра жазыптыр. Азыр карай элекпиз. Шыкмаматов боюнча чечим кабыл алына элек”.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү 29-ноябрда башталган. 10-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясынын арыз-даттануулар боюнча реестрине жалпы 61 арыз катталган.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт. Жогорку Кеңештеги 90 депутаттык орунга 54 депутат саясий партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG