Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:36

"Клооп Медианын" дооматы, Боршайкомдун жүйөсү


"Клооп Медиа" коомдук фонду менен Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ортосунда 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча талаш чыкты. БШКнын “Клооп Медиага” жөнөткөн катында аталган фонддун уставында шайлоолорго байкоо жүргүзүү тууралуу жазылбаганын билдирген. “Клооп Медиа” БШКнын каттоодон баш тартышы Конституцияга каршы келет деп, сотко кайрылганын жарыялады.

"Клооп Медиа" коомдук фонду Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат бербей койгон чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкектин административдик сотуна кайрылды.

Аталган фонд БШК кабыл алган жобо “Конституцияга каршы келет” жана “ооздуктоо аракети” катары бааласа болот деп билдирүүдө.

Элвира Султанмурат кызы
Элвира Султанмурат кызы

"БШК баш тартуу түшүндүрмөсүндө жаңы шайлоо мыйзамдарына таяныптыр. Бирок биз буга чейинки төрт шайлоого байкоо жүргүзүп, чагылдырып, кетирилген кемчиликтерди жана мыйзам бузуулардын ар бирин акт менен бекитип, БШКга берип келгенбиз. Ар бир акттын каралып, чечилишин талап кылганбыз. Айрым каралбай калган учурларда Боршайкомдун аракеттерин ачык жазганбыз. Балким, бизге ошол үчүн шайлоого байкоо жүргүзүүгө атайын уруксат бербей коюшту деп ойлоп жатабыз. БШКнын бул чечими Конституцияга каршы келет", - деди "Клооп Медианын" өкүлү Элвира Султанмурат кызы.

БШКнын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев “Клооп Медианын” шайлоого байкоо жүргүзүү тууралуу билдирмесине жазган жообунда, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга таянып, аталган фонддун уставында шайлоолорго байкоо жүргүзүү тууралуу жазылган эмес деп билдирген.

Анткен менен БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов “Клооп Медианын” шайлоого байкоо жүргүзүүсү боюнча чечим кабыл алына электигин, Койчукеевдин каты түшүндүрмө гана болгонун билдирди.

Кайрат Маматов
Кайрат Маматов

“Мыйзамда байкоочулар өз уставына ылайык байкоо салат деген норма кирген. Биз сентябрь айында мыйзамга ылайык жобого өзгөртүү киргизгенбиз. “Клооптун” юристтери муну билген, биз алар менен сүйлөшүп турабыз. Эмнеге уставын өзгөртпөйбүз деп тырышып жатат түшүнгөн жокпуз. БШКнын төрайымынын орун басары түшүндүрмө гана берди. Азыр "каттоодон баш тартты" деп маалымат таратып, бизди каралап жатат. Биз бул маселени карай элекпиз”.

“Клооп Медиа” фонду 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоого, быйыл жыл башында өткөн президенттик шайлоого жана жазында өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна жана Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга байкоо салган.

Жалпы республика боюнча байкоочулары 2020-жылы октябрдагы шайлоодо 300дү түзсө, 2021-жылы апрелде 2800 байкоочуга жеткен. 28-ноябрга белгиленген шайлоого 1500 байкоочу жалдаганы жаткан.

“Клооп Медиа” тараткан маалыматка ылайык апрелдеги шайлоодо 840 мыйзам бузуу катталып, юристтер БШКга тапшырган 199 арыздын 91и толугу менен же жарым-жартылай канааттандырылган.

“Клооп Медианын" жетекчиси Бектур Искендер эгерде БШК шайлоого байкоо салууга уруксат бербесе, дагы башка жолдор аркылуу шайлоодогу мыйзам бузууларды каттай турушканын билдирди.

Бектур Искендер
Бектур Искендер

“Биз акыр-аягына чейин, бардык деңгээлде бул чечимге каршы турабыз. Бактыбызга жараша, “Клооптун” мыкты юристтерден турган командасы бар, БШКны жана башка бийлик органдарынын жанын койбойбуз. Эң башкысы - эч нерсеге карабай шайлоого байкоо жүргүзөбүз. Биз байкоочуларды аккредитациялоо институту таптакыр эле жоюлуп, шайлоого байкоо салуу БШКнын уруксаты жок деле натыйжалуу болгондой деңгээлге чыгабыз”.

Борбордук шайлоо комиссиясынан байкоочу катары аккредитациядан өтпөгөн байкоочу участкалык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү бюллетень санаганда жана протокол түзгөндө көзөмөл жүргүзө албайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов “Клооп Медианын” байкоочулары каттаган мыйзам буузулардын көпчүлүгү далилденбей калганын айтууда.

“Клооп Медиа” менен быйыл январдан баштап иштеше баштаганбыз. Алар мыйзам бузуу деп жапырт эле далили жок каттай беришкен. Аягында көбүн өздөрү далилдей албай баш тартышкан. Жазында иштегенде өзүбүз жаш балдарга консультация берип, кандай иштеш керек экенин үйрөткөнбүз. Тилекке каршы булардын донорлоруна отчету барбы, айтор далили жок фактыларды жаза беришкен. Ага карабастан конструктивдүү иштегенбиз”.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бийлик бул жолу шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан жоопкерчиликке да тартылат деп убадалап, "шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүүгө" чакырып келет.

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда “Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка дагы кол койду.

Саясий эксперт Нурсултан Акылбек “Клооп Медианын” байкоочуларынын шайлоого көз салуусу биринчи кезекте таза шайлоо өткөрөм деген бийликке керек экенин белгиледи.

Нурсултан Акылбек
Нурсултан Акылбек

“Мен БШКнын чечимине түшүнбөй турам. Мыйзамда "уставды өзгөрт" деген талап жок. Мурда шайлоого “Демократия үчүн коалиция” деген уюм шайлоолорго байкоо жүргүзчү. Азыр “Клооп Медиа” гана масштабдуу байкоо жүргүзүп калды. Бул көз карандысыз байкоо аркылуу шайлоо кандай өтүп жатканын билип жатабыз. Бийлик таза шайлоо өткөрүүнү убада кылып жатат. Демек, “Клооп Медиадай” байкоочулар биринчи кезекте шайлоону таза өткөрөм дегендер үчүн керек”.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрга белгиленген шайлоого байкоочуларды каттоо уланып жатканын билдирди.

Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. 21 партия каттоодон өтүп, үгүт иштерин жүргүзүүдө. Бир мандаттуу округдардан 321 талапкер каттоодон өткөн, үгүт иштери башталгандан бери алардын саны азайды. Айрым талапкерлер өз арызы менен катышуудан баш тарткан учурлар болууда.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG