Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Шайлоо: Талапкерге берилген акча талкууну күчөттү


Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.
Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Шайлоонун үгүт өнөктүгү ортолоп калганда "Эл үмүтү" партиясынын талапкеринин анонимдүү киши берген акчаны “фондго котором” деген жарыясы кызуу талкууга айланды.

“Эл үмүтү” партиясы менен шайлоого катышып жаткан Канышай Ырысбек кызы 1-ноябрда "Инстаграмдагы" баракчасына бир тутам акчанын сүрөтүн жарыялаган. Аны "бейтааныш адам" бергенин жана ал акчаны партиянын жалпы эсебине которо турганын жазган.

“Кечээ бейтааныш адамдар мени колдоп акча берип жибериптир. Бул акчаны “Эл үмүтүнүн” жалпы эсебине которууну чечтим. Моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп жаткандардын бардыгына ыраазычылык билдирем”, -деп жазылган Ырысбек кызынын Инстаграм баракчасында.

Кийинчерек талапкер акча берген адам өзүнө чоочун эместигин жана ысымын элге жарыялоону каалабаган таанышы экенин айтып чыкты.

Канышай Ырысбек кызынын "Инстаграм" баракчасынан алынган скриншот.
Канышай Ырысбек кызынын "Инстаграм" баракчасынан алынган скриншот.

БШКнын сайтында “Эл үмүтү” саясий партиясынын эсебине 1-2-ноябрь күндөрү Канышай Ырысбек кызынын атынан 420 миң сомдон эки транш менен жалпысынан 840 миң сом келип түшкөнү жазылып турат. Бирок ал Боршайкомдун сайтындагы маалымат туура эместигин, партиянын шайлоо фондуна 420 миң сом которгонун айтып жатат. Бул маалыматты БШК дагы ырастады.

Талапкер Ырысбек кызы “Эл үмүтүнүн” эсебине келип түшкөн акчага таанышы берген 500 миң сомдун тиешеси жок экенин билдирди.

“Каражатты алуу мыйзамга каршы келгендиктен, 500 миңди кайра эле кайтарып бергем. Ал кишиге “акчаны өзүңүздүн атыңыздан шайлоо фондуна салсаңыз болот” деп түшүндүрүп бердим. Мен жарыялаган маалыматта “акчаны котордум” деген сөз жок. Ал жерде “которууну чечтим” деп турат. Акчаны которуп бергенден кийин өзүмдүн үй алайын деп чогултуп келе жаткан 420 миң сомду шайлоо фондуна тапшырдым”.

Канышай Ырысбек кызы журналист жана "Инстаграмда" арбын катталуучусу бар (293 миң) блогер катары таанымал. Ал канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүн Кумтөргө байланыштуу сотко бергенден кийин түзүлгөн “Тянь-Шанды сактап калабыз” кыймылынын лидери. Алар алтын кенге байланыштуу митингдерди өткөрүп келишет.

Ырысбек кызы муктаждык жаралса 500 миң сомду берген жарандын атын жарыялаганга даяр экенин айтып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов бул партиянын эсептери боюнча мындай деди:

Кайрат Маматов
Кайрат Маматов

"БШК талапкердин же партиянын фонду кайсы каражаттан түзүлүп жатат, ошону гана текшерет. Анонимдүү, түзмө түз фонддо атын атабай кайрымдуулук кылгандарга тыюу салынат. Ал эми талапкерге жөнөтсө, ал каяктан алып жатканын текшере албайбыз. Буга мыйзам жол бербейт. “Эл үмүтү” боюнча арыз түшө элек. Түшсө карап чыгабыз. Менимче, бул жерде мыйзам бузуу жок. Маселенин моралдык жагы болушу мүмкүн”.

Азыркы тапта “Эл үмүтү” шайлоо фондуна көп каражат топтогон партиялардын бири болуп турат. Капчыктуу партиялардын сап башында “Ата-Журт Кыргызстан” бара жатат. Алардын эсебинде 29 млн. 727 миң 928 сом бар. Экинчи орунда “Ишеним” келе жатат. Бул партиянын шайлоо фондуна 21 млн. 891 миң 541 сом чогулган. Алгачкы үчтүктү “Эл үмүтү” жыйынтыктайт. 5-ноябрга карата бул партиянын эсебинде 15 млн. 687 миң 340 сом бар.

5-ноябрга карата "Эл үмүтү" партиясынын эсебинде 15 млн. 687 миң 340 сом бар.
5-ноябрга карата "Эл үмүтү" партиясынын эсебинде 15 млн. 687 миң 340 сом бар.

Жаштардын, блогерлердин партиясы катары сыпатталган “Эл үмүтүнүн” каржылык абалы талкууга жем таштады. Алар партиянын артында демөөрчүлөр болушу мүмкүн деген божомолдорду айтып жатышат.

Жарандык активист, 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого катышкан Азият Жекшеев мындай деди.

Азият Жекшеев
Азият Жекшеев

“Өзүңөр көргөндөй “Эл үмүтү” жаңы жүздөр катар чыгып жатат. Алардын катарында акчасы көп адамдар да жок. Бирок партиянын фондуна чогулган 15 миллиондон ашып атканы “Эл үмүтүнүн” демөөрчүсү бар экенинен кабар берет. Алардын катарындагы кээ бир талапкерлердин кимдерди жактап, кимдерди сындап атканын көрүп атасыңар. Мындан улам алардын демөөрчүлөрү белгилүү болуп калды. Былтыр жаштардын партиясы деп биз да чыкканбыз. Ошондо акча чогултуу кыйын экенине күбө болгом”.

Бул айыптоолор боюнча партия расмий билдирүү таратты. Ал жерде"партия мүчөлөрү колубуздан келишинче жалпы кассага каражат чогулттук. Бирөө кымбат унаасын сатса, бирөө дачасын сатты. Арабызда алты айлык маянасын алдын ала алган дарыгер бар" деп жазылат.

“Эл үмүтү” мурда “Демилгелүү жаштардын партиясы” деп аталып келсе, шайлоонун алдында аталышын жана негиздөөчүлөрүн да өзгөрткөн. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 7-сентябрда аталган партияны Садыр Жапаровдун баласы Рустам менен байланышы бар экенин айтып чыккан.

“Мен президенттин баласы Рустам депутат болот деген жокмун. Ал депутат болбойт. Бирок саясий платформа түзүп, бейформал лидер болгусу келип жатканын билдиргем. Ар кандай кишилер менен жолугуп, "Эл үмүтү социал-саясий партиясына” кирүүнү сунуштап жатат. Мен бул сөздү бир-эки эмес, 15 чакты кишиден уктум. Бир күн мурун билдирип чыктым эле, бүгүн парламенттен депутаттар дагы бышыктап атышат. Болгону алар ачык айтып чыккандан коркушууда. Мен президентке жамандык каалабайм. Болгону алдын ала айтып жатам. Рустам атасына саясаттан эмес, башка жагынан жардам берсе болмок”.

Депутаттын мындай айыптоосуна президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "мамлекет башчысы өзүнүн жакын туугандарынын саясий жараяндарга аралашуусуна жол бербейт” деп жооп берген.

Бул боюнча “Эл үмүтү” партиясынын лидери Аскар Алмаз уулу “Азаттыкка” мындай деген:

Аскар Алмаз уулу
Аскар Алмаз уулу

“Бизди буга чейин дагы ар кимге жармаштырып келишкен. Шаардык кеңешке болгон шайлоого катышканда ушундай сөздөр айтылган. Президенттин баласы Рустам менен таанышпыз. Эки-үч жолу көрүшкөнбүз. Бирок анын биздин партияга тиешеси жок. Президентин баласы бизди түртө тургандай деңгээли жок. Ал жигит дагы жаш, ошондуктан саясаттан алыс эле болсун. Саясатчылар бизден коркуп жалаа жабууга өтүштү. Биз эч кимден бата алган эмеспиз. Шайлоого жаңы жүздөр, жаштар менен барабыз”.

БШКнын маалыматына ылайык, 3-ноябрга карата саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 120 млн. 180 миң 392 сом акча каражаттары түшкөн. Былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого катышкан партиялардын эсептерине 547 млн. 73 миң сом акча каражаты которулган эле.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG