Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Султанбаев: Жапаровдун туугандарынын саясатка аралашуусу боюнча позициясы өзгөрбөйт


Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. 10-июль, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. 10-июль, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун туугандарынын саясий процесстерге аралашуусу тууралуу позициясы өзгөрбөйт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" билдирди.

"Мамлекет башчысы буга чейин өзүнүн жакын туугандарынан эч кимисинин саясий процесстерге аралашуусуна, ошондой эле кайсы бир жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербесин бир нече жолу белгилеген", - деп жазылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам саясатка аралашып, талапкерлер менен жолугушууларды уюштуруп жатканын айтып чыккан. Эл өкүлү мамлекет башчыга баласын тыйып коюуну сунуштаган. Бекешев мурдагы президенттерди мисал келтирип, мындай жагдай мамлекет башчыга дагы, өлкөгө дагы аброй алып келбей турганын белгилеген.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага 75 партия катышуу ниетин билдирген.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин баласы Айдар менен кызы Бермет 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келишкен. Аларга улай эле 2005-жылы мартта Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көтөрүлгөн. Андан кийин бийлик башына келген Курманбек Бакиевдин балдары Максим жана Марат жогорку кызматтарда иштеп, өлкөдөгү маанилүү маселелер ошолор аркылуу чечилип жатканы сынга алынган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG