Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Таласта секелек кыздарга тийишкен адам эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта 6-7 жаштагы эки кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелген жаран эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

5-сентябрда Талас шаарынын 4 тургуну 6-7 жаштагы кыздарына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп, кошуна жашаган 24 жаштагы А. Т. аттуу жарандын үстүнөн милицияга кайрылган. Арыздын негизинде Жазык кодексинин 165-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен сотко чейинки териштирүү ишин баштады.

Кыргызстанда укук коргоочулар секелек кыздар зордукталган учурлар көбөйүп жатканын айтып коңгуроо кагып келишет.

Өлкөдө жашы жете электерди зордуктоо боюнча чуулгандуу бир нече окуялар катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG