Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Кайгуул кызматынын өкүлү пара талап кылууга шектелип кармалды


Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерин кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерин кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка караганда, кармалган кызматкер таанышы менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Бишкек шаарынын тургунунан 100 миң сом пара талап кылган. Ал зордуктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркуткан. Натыйжада 64 миң сом пара менен кармалган. Укук коргоо органдары шаар тургунуна карата зордуктоо же башка укук бузуу фактыларын каттаган эмес.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренесинин негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG