Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:16

Таалайбек Өмүралиев менен Марат Иманкуловго генерал-лейтенант наамы берилди


Таалайбек Өмүралиев.
Таалайбек Өмүралиев.

Президент Садыр Жапаров Жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен 6-сентябрда кызматтан алынган мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге генерал-лейтенант наамы берилди.

Жарлыкка ылайык, Бакытбек Бекболотов менен Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев генерал-майор наамын алды. Бекболотов мамлекет башчынын 6-сентябрдага жарлыгы менен Коргоо министрлигинин жетекчиси болуп дайындалган.

Чек ара жана Коргоо министрлигинин жетекчилерине наам ыйгаруу Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийинки учурга туш келүүдө.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG