Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусу башталды


ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусу. 2014-жыл.
ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусу. 2014-жыл.

Бүгүн, 7-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен “Рубеж-2021” деп аталган аскердик машыгуусу Кыргызстандагы “Эдельвейс” полигонунда башталат. Машыгуу 7-9-сентябрь күндөрү өтөт.

Ага Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин армиясы катышат. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлүп жатат.

6-сентябрда Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев депутат Анвар Артыковдун суроосуна жооп берип жатып Тажикстандын аскерлери машыгууга катышпай турганын билдирген. Анын себеби айтылган эмес. Кирешеев кыргызстандык аскерлер жакын арада Тажикстанда өтө турган кезектеги машыгууга бара турганын кошумчалаган.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап турат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG