Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Тажик депутаттары 16 миң адамга мунапыс берүүчү мыйзамды колдоду


2019-жылдагы мунапыстан кийин Дүйшөмбүдөгү түрмөдөн бошотулгандар.
2019-жылдагы мунапыстан кийин Дүйшөмбүдөгү түрмөдөн бошотулгандар.

6-сентябрда Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы түрмөдөгү миңдеген адамга мунапыс бере турган мыйзам долбоорун жактырды. Башкы прокурордун орун басары Дилшод Талбакзода парламентте билдиргендей, мунапыска 16 миң киши илинет жана алардын 10 700дөйү кылмыш жоопкерчилигинен толук бошотулат же аларга козголгон кылмыш иши жабылат. Ошондой эле 5300 адамдын абактагы мөөнөтү кыскарат.

Бул мунапысты тажик президенти Эмомали Рахмон өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата сунуштаган.

"Мунапыс жөнүндө" мыйзамга ылайык, байкабай кылмыш жасагандар, өкүмдү аткаруу мөөнөтү жылдырылгандар, жатак абакта жазасын өтөгөндөр, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккандар, административдик жаза алгандар, экономикалык мүнөздөгү кылмыш үчүн соттолуп, материалдык чыгымды толук төлөгөндөр кылмыш жоокерчилигинен толугу менен бошотулат.

Ошондой эле аялдарга, жашы жете электерге, 55 жаштан ашкандарга, майыптарга, оорусу күчөп кеткендерге, мамлекеттик сыйлыгы бар адамдарга, согуштун катышуучуларына жана чет өлкөлүк жарандарга артыкчылык берилет. Бирок бул мунапыс өмүр бою түрмөгө кесилгендерге, ырайымдан кийин да кылмышка баргандарга жана абактын эрежелерин бузгандарга тиешелүү эмес.

Мыйзам долбоору парламенттин жогорку палатасынын кароосунан өткөн соң президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

Тажикстанда "Мунапыс жөнүндө" акыркы мыйзам 2019-жылы өлкө Конституциясынын 25 жылдыгына карата кабыл алынып, абактагы 7 миң киши эркиндикке чыгарылган. Бийликти сындаган оппозициянын өкүлдөрү жашы өтүп, ден соолугу начарлап калса да Рахмондун ырайымына кабылган эмес.

Укук коргоочулар Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келе жаткан Рахмон коопсуздук күчтөрү жана сот системасы сыяктуу бийликтин түрдүү бутактарын оппозициянын үнүн басууга колдонуп жатканын билдирип келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG