Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Брюсселде Кыргызстан-Европа кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакаланын жолугушуусу. 6-сентябрь, Брюссель
Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакаланын жолугушуусу. 6-сентябрь, Брюссель

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакала менен Брюсселде 6-сентябрда жолугушту. Анда тараптар кыргыз-европа кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы учурдагы долбоордук ишмердүүлүгү, анын ичинде 2021-2027-жылдарга карата иштелип чыккан көп жылдык индикативдик программанын алкагында конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү, элчи Муктар Жумалиев жана Биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард Ауэр катышышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Ооганстандагы кырдаал, анын ичинде Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү маселеси да талкууланды. Европа тарап кыргыз бийлигинин оогандык студенттерге өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 500 виза берүү чечимин кубаттады. Мындан сырткары 5-ноябрда Бишкекте өтө турган Евробиримдик – Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна биргелешкен даярдыктар ортого салынды.

Ооганстандын борбору Кабулду талибдер ээлеп, качкындар арбыган кезде атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз бийлиги жардам катары 500 ооган студентине виза берүүгө даяр экенин билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG