Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Коргоо министри болуп Бактыбек Бекболотов дайындалды


Бактыбек Бекболотов
Бактыбек Бекболотов

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Бактыбек Бекболотов Кыргызстандын коргоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Жаңы коргоо министри Бактыбек Бекболотов тууралуу ачык булактарда маалымат аз. Ал 2008-2009-жылдары Улуттук гвардиянын башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

Бекболотов буга чейин "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Расмий маалыматка ылайык, мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Таалайбек Өмүралиев 6-сентябрда "Кыргыз-орус" өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковго Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салууга кошкон салымы үчүн улук-лейтенант наамын ыйгарган.

Өмүралиевди 2020-жылы 9-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Башкы штабдын начальниги кылып дайындаган. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин 2021-жылы февралда Коргоо министрлиги түзүлүп, Өмүралиев министр болгон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG