Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:19

Тажикстан жана Ооганстандагы кырдаалдын Баткенге таасири талкууланып жатат


Чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үй. Ак-Сай айылы. Баткен. Май, 2021-жыл.

Тажикстан жана Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу маселелер бүгүн, 7-сентябрда Баткенде онлайн форматта өтүп жаткан тегерек үстөлдө талкууланып жатат.

Демилгечилер "Инсан-Лейлек" коомдук фонду жана "Сорос-Кыргызстан" фонду.

Аталган уюмдардын колдоосу менен Баткендеги жалпыга маалымдоо каражаттарында эки айлык иликтөө жүргүзүлгөн. Ага катышкан респонденттердин дээрлик 80% Тажикстан жана Ооганстандагы кырдаалга кабатыр экенин билдиришкен. Чектеш айылдардын тургундары күнүмдүк турмушта адам өмүрүнө коркунуч алып келген чыр-чатактар тобокелдигинде жашап келе жатканы, балдарынын келечеги үчүн кооптонушары иликтөөдө аныкталган.

Сурамжылоодо чек ара чатактарынан башка көйгөйлөр тууралуу да суроо узатылган. Уюштуруучулардын белгилөөсүнө караганда, талкууда аймактагы куралдуу жаңжалдан кийинки кооптондурган, талылуу бардык маселелер көтөрүлөт.

Тегерек үстөлгө мамлекеттик кызматкерлер, көз карандысыз эксперттер жана жергиликтүү активисттер катышууда.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Жүздөн ашуун адам түрдүү жаракат алган. Чектеш айылдардагы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакчалар, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG