Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Белгилүү француз актёру Жан-Поль Бельмондо дүйнө салды


Киноактёр Жан-Поль Бельмондо Париждеги Цезарь сыйлыгын тапшыруу аземинде. 24-февраль, 2017-жыл.
Киноактёр Жан-Поль Бельмондо Париждеги Цезарь сыйлыгын тапшыруу аземинде. 24-февраль, 2017-жыл.

Франциялык белгилүү киноактёр Жан-Поль Бельмондо 88 жашында көз жумду. Бул тууралуу "Франс-пресс" жаңылыктар агенттиги 6-сентябрда актёрдун адвокатына шилтеме кылып кабарлады. Актёрдун өлүмүнө эмне себеп болгону айтыла элек.

Бельмондо 1950-жылдары калың элге тааныла баштаган. Ал 1950-60-жылдардагы француз кинематографиясындагы жаңы толкундун көрүнүктүү өкүлү катары мүнөздөлүп келет.

Актёр 26 жашында Жан-Люк Годардын "Акыркы дем" аттуу фильминде Мишел Пуакар аттуу ээнбаш жигиттин ролун ойноп, бүтүндөй дүйнөгө атагы чыккан.

Бельмондо 50 жылдан ашкан карьерасында Франциядагы комедия жана экшн-фильм жанрындагы тасмаларда ондогон ролдорду жаратты.

Ал баш-аягы 80ден ашык фильмде роль ойногон. Time журналы 1964-жылы Бельмондону "Франциянын жүзү" деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG