Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Иран: өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр уланат


Ирандын президенти Ибрахим Раисинин телекайрылуусу, 4-сентябрь 2021-жыл.
Ирандын президенти Ибрахим Раисинин телекайрылуусу, 4-сентябрь 2021-жыл.

Иран бийлиги Тегерандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди кайра жандантууну көздөгөн Венадагы сүйлөшүүлөрдү улантат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде 6-сентябрда билдирди.

"Биз сүйлөшүүлөрдү жакын арада сөзсүз улантабыз", - деди Хатибзаде.

Андан бир күн мурда Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен француз лидери Эммануэл Макрон телефон аркылуу сүйлөшүп, өзөктүк келишим маселесин талкуулашканы кабарланган.

IRNA маалымат агенттиги жазгандай, анда Макрон Ирандагы июнь айында өткөн президенттик шайлоодон кийин токтоп калган сүйлөшүүлөрдү кайра жандантуу маселесин көтөргөн.

Раиси 4-сентябрдагы телекайрылуусунда Ирандын өкмөтү "жыйынтыкка багытталган сүйлөшүүлөрдү" көздөп турганын айткан. Ошол эле учурда Батыш өлкөлөрү эч кандай басым көрсөтпөшү керек экенин белгилеген.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткен. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартып, уран байытуу аракетин күчөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG