Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Ошто лидер аялдардын курултайы өтөт


Чүйдөгү курултайда тартылган сүрөт.
Чүйдөгү курултайда тартылган сүрөт.

“Аялдардын тилектештиги” аттуу лидер аялдардын курултайынын экинчи айлампасы 7-сентябрда Ошто өтөт.

Облуста түрдүү багыттарда жигердүүлүк көрсөтүп келе жаткан айымдар өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдү, кыз-келиндердин коомдогу ордун жана ролун талдашат.

Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, өлкө жетекчилигине гендердик теңчиликке жетишүү, аялдар лидерлигин өнүктүрүү үчүн татыктуу шарт түзүү боюнча реалдуу кадамдарды жасоого чакырык жасалат.

Курултайдын биринчи айлампасы 25-августта Чүй облусунда болгон. Аны парламенттеги Аялдар укугу жана гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча кеңеш жана Депутат аялдар форуму менен бирге уюштурган. Кезектегиси 13-сентябрда Нарында өтөт.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар 6,5 миллион калктын 50,4% түзөт. Аялдардын 64% айыл жергесинде жашайт.

Быйыл Кыргызстанда айыл кеңештерине шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30% квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айыл кеңештеринде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү.

XS
SM
MD
LG