Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:45

Ооганстан: Масуд элди "Талибанга" каршы көтөрүлүшкө чакырды


 "Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" лидери Ахмад Масуд.
"Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" лидери Ахмад Масуд.

Ооганстандын Панжшер аймагындагы "Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" лидери Ахмад Масуд элди "Талибанга" каршы көтөрүлүүгө чакырды. Масуддун мындай мазмундагы аудио кайрылуусу 6-сентябрда жарыяланды.

Анда Масуд оогандарды куралдуу күрөш же демонстрациялар аркылуу талибдерге каршы турууга үндөгөн.

"Биздин мекендештер, кайда болбогула, өлкөнүн ичиндесиңерби же сыртындасыңарбы, биз силерди мекенибиздин намысы, эркиндиги жана абийири үчүн жалпы көтөрүлүштү баштоого чакырам", - деп айткан Масуд.

Бирок ал Панжшер аймагы "Талибандын" карамагына өткөнү тууралуу маалыматтарды ырастап же четке каккан жок. Буга чейин "Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахид кыймыл Панжшер аймагына толугу менен көзөмөлүн орнотконун айткан.

"Биздин эл согуштун уланышын каалабайт жана согушка зарылчылык жок. Ошондуктан Ооганстандын ислам эмираты ("Талибан") согушту токтотконун бардык мекендештерибиз билип коюшу керек", - деген эле Мужахид.

Бирок мындай маалыматты "Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" өкүлдөрү четке кагышып, аймакта куралдуу кагылышуулар уланып жатканын билдиришкен.

Панжшер Ооганстандагы талибдерге баш ийбеген күчтөрдүн көзөмөлүндөгү акыркы провинция катары мүнөздөлүп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG