Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

MH17: Гаагадагы сотто жабырлануучулар көрсөтмө бере баштады


Гаагадагы сот, 6-сентябрь 2021-жыл.
Гаагадагы сот, 6-сентябрь 2021-жыл.

2014-жылы Украинанын чыгышында малайзиялык учактын кыйрап түшүшүнө шектелип, сыртынан айып тагылган төрт кишинин Нидерланддын Гаага шаарында өтүп жаткан сотунда жабырлануучулардын жакындары көрсөтмө бере баштады.

Бул окуяда атасынан жана өгөй апасынан ажыраган Риа ван дер Стин 6-сентябрда жабырлануучулардын атынан биринчи болуп сөз сүйлөдү. Ал Москваны учактын кыйрашына байланыштуу далилдерди жаап-жашырган деп айыптады.

"Алар калп айтып жатышат. Биз алар жалган сүйлөп жатканын билебиз. Алар биз алардын калп айтып жатканын биле турганыбызды да билишет", - деди Риа ван дер Стин.

Жабырлануучулар Москвадан айып тагылган орусиялыктарды жоопко тартууну талап кылышты. Учактын кыйрашына тиешеси бар деген орусиялыктар Игорь Гиркинге, Сергей Дубинскийге, Олег Пулатовго жана украиналык Леонид Харченкого "киши өлтүрүү" беренеси менен сыртынан айып тагылган.

Амстердамдан Куала-Лумпурга багыт алган MH17 каттамындагы малайзиялык учак 2014-жылдын 17-июлунда орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлүп, борттогу 298 адамдын баары каза болгон. Алардын 196сы Нидерланддын жарандары эле. Ошондуктан сот Нидерланддын аймагында өтүп жатат.

Малайзиялык учак Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн №53 Абадан коргонуу бригадасынан алынып келген "Бук" ракеталык комплекси менен атып түшүрүлгөнүн Эл аралык тергөө тобу 2018-жылдын май айында билдирген. Орус тарап бул окуяга тиешеси жок экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG