Кыргызстан-Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун кийинки айлампасы 2022-жылы Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Брюсселде өткөн диалогдун 11-отурумунда айтылды.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 7-сентябрда кабарлагандай, отурумга министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев баштаган делегация катышты. Анда адам укуктарынын абалы, анын ичинде COVID-19 пандемиясында, укук коргоо жана шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшү, сөз эркиндиги, чогулуш эркиндиги, жарандык коом, аялдардын жана балдардын укуктары, басмырлоого каршы күрөш маселелери козголду.
Кыргыз делегациясы адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү өлкөнүн ички жана эл аралык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
"Кыргызстанда БУУнун адам укуктары боюнча органдарынын сунуштарынын негизинде иштелип чыккан 2019-2021-жылдарга Адам укуктары боюнча улуттук иш-аракеттер планы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Өлкөдө адам укуктары боюнча координациялык кеңеш, Акыйкатчы, бизнес-омбудсмен жана балдардын укуктары боюнча омбудсмен институттары жана кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөн. Жарандык коом активдүү өнүгүүдө, анын курамында алты миңден ашуун көз карандысыз бейөкмөт укук коргоочу уюмдар бар", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.
Европа Биримдиги өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылында адам укуктарын коргоодогу жетишкендиктерин кубаттаган.
Президент Садыр Жапаров 23-августта “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” талаштуу мыйзамга кол койгон. Мыйзамды “Журналисттерди коргоо комитети” (CPJ) баштаган бир нече эл аралык уюмдар, “Сорос-Кыргызстан" фонду жана “Медиа Полиси” баштаган ондогон жергиликтүү уюмдар сындап чыгышкан. Алар адамдын сөз эркиндиги, эркин оюн билдирүү сыяктуу укуктары чектелерин белгилешкен.
Ал эми 7-июлда президент Садыр Жапаров дагы бир талаштуу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзам долбооруна кол койгон. Документ жарандык коомдун, эл аралык коомчулуктун сынына кабылган. (КЕ)