Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

"Менин үйүм" мамлекеттик программасы менен 15-25 жылга ипотека берилет


Ипотекалык программанын алкагында курулган үй. Бишкек. 2019-жыл.
Ипотекалык программанын алкагында курулган үй. Бишкек. 2019-жыл.

"Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик программасынын алкагында ипотекалык насыялар бир нече багытта берилет. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Жылдыз Бекбаеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бюджеттик кызматкерлер үчүн "Жеңилдетилген ипотека" программасы иштейт. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан турак жай алуу же куруу мүмкүнчүлүгү бар.

"Даяр үй алууну каалагандарга 4 млн. сомго чейинки насыя 4% үстөк менен 15-25 жылдык мөөнөткө берилет. Алгачкы төлөнүүчү сумма турак жай баасынын 10% камтыйт. Ал эми жеке турак жай курууну каалагандар үчүн 4 млн. сомго чейинки насыя 8% үстөк менен 15-25 жылдык мөөнөткө берилет.
Ал эми бардык жарандар үчүн "Жеткиликтүү ипотека" программасы иштейт. Анын алкагында даяр үй алууну кааалагандарга 5 млн. сомго чейинки насыя 8% үстөгү менен берилет. Алгачкы төлөнүүчү акча турак жай баасынын 25% болушу керек. Бул ылайыктуу күрөө менен алмаштырылышы мүмкүн. Насыяны кайтаруу мөөнөтү 15-25 жыл. Бул насыя Бишкек жана Ош шаарларынан үй алуучулар үчүн гана жеткиликтүү.
Жеке турак жай курууну каалаган жарандарга 5 млн. сомго чейинки суммада насыя 15-25 жылга берилет. Үстөгү үй курулуп жаткан учурда 12%, курулуп бүткөндөн кийин 8%. Алгачкы төлөнүүчү сумма - 20%".

"Менин үйүм 2021-2026" программасы боюнча сатып алынуучу үйлөрдүн аянты - көп кабаттуу үйлөрдө 80 чарчы метрден, ал эми жеке үй курууну көздөгөндөр үчүн 150 чарчы метрден ашпоосу керек. Ал эми турак жайдын бир чарчы метринин баасы 60 миң сомго чейин болушу шарт.

"Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасы 25-июлда расмий түрдө күчүнө кирген.

Мурунку убакта ипотекалык насыя жылдык үстөгү 6-8 пайыз менен 15 жылга берилип келген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик ипотека системасы 2015-жылы иштей баштагандан бери 5240 адам насыя алды. Азыр кезекте дагы 10 миңдей адам бар.

Бишкекте насыячылар мамлекет ипотекага бөлгөн каражаттын үстөгүн азайтуу талабы менен бир нече жолу митинг уюштурушкан.

Коммерциялык банктарда ипотекалык кредиттин пайызы орточо 17-18%. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG