Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:14

Адвокат: Атамбаевдин жүрөк оорусу аныкталды


Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев.

Эксперттер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден жүрөктүн коронардык оорусун аныктады. Мындан сырткары анын омуртка кемирчегине доо кетирген бел жана көкүрөк омурткасындагы остеохондрозу бар экенин айтышкан. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, эксперттер тыянагында ар кандай стресстик абал жүрөк ооруларын курчутуп жибериши ыктымалдыгын белгилешкен.

"Ушул себептен Атамбаевди бошотууну талап кылабыз", - деди жактоочу.

Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу дайындалган соттук-медициналык экспертиза создугуп жаткандыктан анын сот иштери төрт айдан бери токтоп турганын Замир Жоошев августтун башында билдирген. Ал "Саламаттык сактоо министрлиги жана анын эксперттери өзүнө жоопкерчилик алып, “ооруп жатат” деп же “ооруган жок” деп айта албай жатат” деген оюн айткан.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Адвокаттары Атамбаевге омурткасынан операция жасалышы керектигин, жүрөгүн да дарылоо зарылдыгын, мындай медициналык жардамды ал колония шартында ала албасын айтып келишет. (KЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG