Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

Сибирде бийликти сындаган таасирдүү ишкер 13 жылга кесилди


Анатолий Быковду сотко алып келишти.
Анатолий Быковду сотко алып келишти.

Орусияда сот Сибирде жашаган саясатчы жана ишкер Анатолий Быковду 27 жыл мурун эки кишини өлтүрүүнү уюштурган деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты.

Быков 1990-жылдары Красноярск алюминий заводуна тең ээлик кылып, Орусияда “алюминий падышасы” аталып, Красноярск крайынын көмүскөдөгү губернатору саналган. 1997-2016-жылдары аймактык мыйзам чыгаруу органынын депутаты болгон. Ишкер аймактагы бир катар саясатчыларды колдоп, федералдык бийликти сындап жүргөнү белгилүү.

Соттун өкүмү арачылар сотунун айыптоо чечимине таянды. 7-августта Свердлов райондук соту ишкерди 1994-жылы Александ Наумов менен Кирилл Войтенкону өлтүрүүгө буйрук берген деп тапты. Бул эки ишкерди 1994-жылы 24-июнда атып кетишкен.

Прокуратура айыпкерди 14 жыл 11 ай эркинен ажыратууну соттон суранган.

Быковго беш кылмыш ачылган. Наумов менен Войтенкону өлтүрүүнү уюштургандан башка 2005-жылы жергиликтүү ишкер Андрей Неколовдун жок кылууга буйрук берген, 77 миллион рубль салыкты жашырган, Красноярск крайынын Бокс федерациясынын вице-президенти Андрей Грабовскийдин көзүн тазалоо үчүн кылмыштуу топ түзүүгө буйрук берген деген айыптар тагылган.

61 жаштагы Быков өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ишкер былтыр май айында камалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG