Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Бишкекте аялын сабоого шектүү кармалды


Кыз-келиндердин укугун коргоого арналган акция. Бишкек. 8-март, 2021-жыл.
Кыз-келиндердин укугун коргоого арналган акция. Бишкек. 8-март, 2021-жыл.

26-августта Бишкектеги кичирайондордун биринен катуу токмок жеген 40 жаштагы аял ооруканага жеткирилген. Ал ооруканада эсине келбей жан берген. Маркумдун баш сөөгүнөн жараат алып, мээси чайкалганы, кабыргалары сынганы аныкталган.

Иликтеп-тергөө иштеринин натыйжасында, аны менен чогуу жашаган, 50 жаштагы адам "аялды өлөрчө токмоктогон" деген шек менен кармалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалымдашынча, шектүү ШИИБдин убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Укук коргоочулар үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжасында каза болгон аялдардын саны өсүп жатканына кабатырлыгын билдирип келишет.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат. 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн.

2020-жылы 24-декабрда Жогорку Кеңеш “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” токтом чыгарган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG