Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:56

Kloop.kg сайты шайлоо алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө материалын жарыялады. Мамлекеттик каттоо кызматы бул чагым болушу мүмкүн экенин айтып, кызматтык иликтөө жүрүп жатканын белгиледи. Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматы канчалык корголгон? Шайлоодо ал административдик ресурс катары колдонулду дегенге негиз барбы?

Kloop.kg сайты жарыялаган иликтөө материалда үгүт кампаниясы учурунда Мамлекеттик каттоо кызматынын сервери шайлоочуларга таасир этүү максатында колдонулганы жазылган.

Андагы жарандардын персоналдык маалыматтары сакталган сервер коомчулукка белгисиз samara.kg, кийин mls.kg сайттарына көчүрүлүп, бийликтин талапкеринин пайдасына иштеген деп айтылат. Бул сайттар 13-сентябрдан 13-октябрга чейин Каттоо кызматынын ip-дареги (212.112.124.142.) менен иштеген.

Бул маалыматтар санарип криминалисттик IT адистерден турган Швециядагы Qurium деп аталган фондунун жардамы менен аныкталганын Kloop.kg сайтынын редактору Элдияр Арыкбаев "Азаттыкка" айтып берди:

- Биз suppermario12 деген активисттен келген маалыматты өзүбүз да кайра текшерип чыктык. Анын негизинде samara.kg менчик сайты өлкөнүн негизги, маанилүү өкмөттүк серверинде иштеп жатканын текшерүүгө мүмкүн болду. Бизге suppermario12нин айтымында, ал samara.kg сайтын шайлоо алдында бузуп салган. Муну байкагандар серверди mls.kg доменине алмаштырып коюшкан. Экинчиден, samara системасы кандайдыр бир негизде бийликчил партиянын талапкери менен байланышта экенин макалада белгилегенбиз. Бул иликтениши керек, терең иликтөө демилгеси көтөрүлүшү керек. Мамлекет эле эмес, жарандык активисттер, журналисттер ушуну менен алектениши зарыл. Анткени биздин жеке маалыматыбыз коркунучта.

Иликтөөдө Мамлекеттик каттоо кызматындагы жарандардын жеке маалыматтары, паспорт номерлери аркылуу кимдин добуш бергенин аныктоо мүмкүн экени айтылган.

Өзгөчө мындай көзөмөлгө башка аймактардан келген студенттер, университеттин мугалимдери дуушар болгон.

Samara.kg домени Геология жана жер ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси, убагында Максим Бакиевдин командасындагы белдүү топ-менеджерлердин бири саналган Учкунбек Ташбаевге таандык болгон.

Ташбаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Шайлоодо утуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун штабы ишин токтотконун айтып, комментарий бере элек.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы 28-октябрда "IT-адистер органдын серверине тыштан кийлигишүү болгонун аныктаган жок" деген маалымат таратты.

“Эч кандай жеке сайт веб-серверде жайгашкан эмес жана маалыматтар базасынан колдонгон эмес. Маалыматтар базасында сактоо, иштөө жана коопсуздук шарттары мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга жана эл аралык стандарттарга жооп берет” деп айтылат билдирүүдө.

Ага чейин мекеменин маалымат катчысы Мелис Эржигитов иликтөөдө көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айткан эле.

- Клооп сайты негизги аргумент катары айтып жаткан samara.kg Мамлекеттик каттоо кызматынын серверинде убактылуу отурган деген калп. Бул туура эмес. Коопсуздук жагынан катуу корголгон объект болгондуктан айрым маалыматтарды биз ачык айта албайбыз. Бирок кандайдыр бир сырттан кийлигишүү болсо сигнал берет. Программист, адистерден сурадык. Андай болгон эмес деп айтышты.

Учурда samara.kg килем-паластарды жууп-тазалоо кызматын көрсөткөн сайт катары иштеп жатат.

Шайлоо технологиябыз, Каттоо кызматынын технологиялары аудиттен өткөн эмес. Аларды УКМК өткөрүп жатат, ал эми биздин УКМК кимге кызмат кыларын, кандай иштерин биз жакшы билебиз.
Равшан Жээнбеков

Иликтөөдө көрсөтүлгөн жагдайлар шайлоо жыйынтыгына күмөн саноону күчөткөндөй. "Таза шайлоо үчүн" жарандык кыймылы бул иликтөөдө айтылган маалыматтарды текшерип, териштирүү үчүн эл аралык аудит жүргүзүүнү талап кылат. Кыймылдын мүчөсү Равшан Жээнбеков маселени парламент жана коомчулук кылдат изилдеп чыгышы зарыл деген пикирде:

- Биздин азыркы шайлоо технологиябыз, Каттоо кызматынын технологиялары аудиттен өткөн эмес. Аларды УКМК өткөрүп жатат, ал эми биздин УКМК кимге кызмат кыларын, кандай иштерин биз жакшы билебиз. Ашып кетсе 30 миң доллардын тегерегинде экен. Эл аралык уюмдарга дагы кайрылып жатабыз. Өкмөт дагы кайрылышы керек. Азыр шайлоонун жыйынтыгы боюнча технологиялык нерселердин бардыгын Европа, Американын абройлуу уюмдары аркылуу аудиттен өткөрүшүбүз керек.

Шайлоо жыйынтыгынан сырткары мында жарандардын жеке биометрикалык маалыматтары, алардын корголушу жана коопсуздугу тууралуу маселе күн тартибине чыкты. Маалымат технологиялары боюнча адистер Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелердин сайттарында коопсуздук чаралары дээрлик көрүлбөй жатканын белгилешет.

Эксперт Максат Сабыров мамлекеттик мекемелердин сайтын жасап жатканда коопсуздук чаралары эске алынбай турганын айтты:

- Коопсуз сайт ачуу үчүн көп акча керек. Бул дагы чоң жумуш. Программисттерге сайт коопсуз болсун деп айтып коюу эле жетишсиз. Атайын иштеш керек. Ал эми Клооптун иликтөөсүндөгү маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо үчүн IT аудиттен өткөрүү керек.

Сооронбай Жээнбеков добуш берип жатат. 15-октябрь, 2017-жыл
Сооронбай Жээнбеков добуш берип жатат. 15-октябрь, 2017-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясында программист-эксперт болуп иштеген Мундузбек Субанов болсо шайлоодо добуш берүү купуялуулугу сакталарын белгилеп жатат. Шайлоо алдында үгүтчүлөр чогулткан паспорттор менен добуш берүүгө келген же келбегендерди текшерүү билими бар адамга оңой деген ойдо.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эрлан Сапарбаев мекеменин сайтына хакердик чабуул болушу ыктымалдыгын четке кагууда.

- Ар бир нерсеге себеп жана мотивация болушу керек. Биринчиси - акча жана башка кызыкчылык, экинчиси - хакер ушуну жасадым деп өзүн көрсөтүшү керек. Мындан сырткары өздөрү хакерге акча төлөп сайттын канчалык корголгонун текшеришет. Бул себептердин жогорудагы маселелерге тиешеси жок. Ал эми эгер ошол сервердин ip-дареги делген сандар көрсөтүлүптүр десеңиз, анда ошол системада иштеген кызыкдар адамдын колунан келиши ыктымал. Башка техникалык жактан мүмкүн эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков утуп чыккан. Аны добуш бергендердин 54 пайыздан ашууну колдогон.

IT адистердин айтуусунда, биометрикалык маалыматтардын чогулушу менен мамлекет үчүн анын коопсуздугун сактоо боюнча жаңы чакырыктар пайда болду. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 3 млн 60 миңге жакын адам биометрикалык маалымат тапшырган.

Өткөн жылдын июль айында Миграция кызматынын жана УКМКнын расмий сайттары хакердик чабуулга кабылган. Ал эми 2014-жылы өкмөттүн, Тышкы иштер министрлигинин жана Маданият министрлигинин сайттарын хакерлер иштетпей койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG