Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

ОшМУнун мугалимдери ректордун кызматтан алынганына каршы чыгышты


Нааразычылык акциясына чыккандар. Ош шаары.
Нааразычылык акциясына чыккандар. Ош шаары.

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековдун кызматынан алынганына нааразы болгон окуу жайдын 50гө чукул мугалими 10-ноябрь күнү нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Алар ректордун ордунда калуусун талап кылып, Министрлер кабинетинин чечими кайра каралуусу керектигин айтышты. Анын катышуучулары эгер чечим кайра каралбаса 12-ноябрь күнү чоң митинг болоорун кабарлашты.

Бир нече убакыттан соң окуу жайдын маалымат кызматы Министрлер кабинети ректор Кудайберди Кожобековду убактылуу бир айга кызматынан четтетип туруу чечими кабыл алганын, Министрликтен комиссия түзүлүп окуя териштирилерин маалымдашты.

Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан алынганын Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров билдирген. Министрлер кабинетинин сайтында 10-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков ээлеген кызматынан бошотулду деген кабар жарыяланды.

Ректордон сырткары ОшМУнун Педагогика факультетинин деканы Б. Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматынан алынган.

Билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.

Ош шаарында 3-ноябрда "Азаттык" партиясынын жолугушуусуна студенттер мажбур катыштырылганын шаардык милиция аныктаган. Ондон ашуун студенттер жана окуу жайдын мугалимдери суракка тартылып, иш сотко өткөн. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG