Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

УКМК 500дөн ашык дары-дармектин баасы арзандатылганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эң керектүү делген 500дөн ашык дары-дармектин баасы арзандатылганын билдирди. Атайын кызматтын 10-ноябрда тараткан маалыматына караганда, мекемелер аралык жумушчу комиссия фармацевтикалык компаниялар менен биргеликте биринчи кезекте керек болгон дары-дармекти арзандатуу иштерин жүзөгө ашырды.

Биринчи этапта жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирген жана эпидемиологиялык кырдаалда чоң суроо-талапка ээ болгон 500дөн ашык дары-дармек аныкталып, ири дарыканаларда мурунку баасынан 10%-68% чейин төмөндөтүлдү.

Баалардын реалдуу абалына такай мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин сайтында жайгаштырылып, коомчулукка жеткирилип турат.

Дары-дармек базарындагы абал 13-октябрда парламентте көтөрүлүп, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын фармацевтикадагы мафия тууралуу суроосуна жооп берип жатып ага мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин белгилеген. Ал дары-дармек жакынкы күндөрү кескин арзандай турганын айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн көп. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Дары-дармек көйгөйүнө байланыштуу “Азаттык” “Көмүскөдөгү дары бизнеси” аттуу иликтөө жүргүзгөн.

Иликтөө: Көмүскөдөгү дары бизнеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:43 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG