Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

"Росэксимбанк" Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кошумча акча бөлүүгө даяр экени айтылды


Артем Новиков.
Артем Новиков.

Орусиянын "Росэксимбанкы" биргелешкен бизнести каржылоо үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кошумча 200 миллион доллар бөлүүгө даяр. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Артем Новиков орусиялык компаниялардын Эл аралык ишкерлер миссиясынын форумунда билдирди. Анын айтымында, буга чейин тиешелүү келишим түзүлүп, фонд аларды каржылоо үчүн ишкерлерден долбоорлорду күтүүдө.

"Өлкө жетекчилигинин колдоосу аркасында фонд орусиялык өнөктөштөр менен кыргыз рыногунда иш алып баруу үчүн толук кандуу лизингдик компания түзүү боюнча макулдашууга жетишти. Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус бизнес-форумунун жүрүшүндө орусиялык "Нацпромлизинг" жана "Нацпромлизинг-Кыргызстан" лизингдик компаниясын түзүү боюнча алдын ала макулдашуу болду. Бүгүн биз уюштуруу меморандумуна кол коюп, документтерди каттоого берүүгө даярбыз", - деди Новиков.

Эл аралык ишкерлер миссиясынын форуму бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарында ишин баштады. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду уюштурган үч күндүк иш-чарада орус ишкерлери Кыргызстандагы кесиптештери менен жаңы продукт өндүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат. Форумга Орусиядагы бизнес-чөйрөнүн 70тей өкүлү, 200дөй кыргызстандык ишкерлер катышууда.

Форумдун жүрүшүндө эки тараптуу 300дөн ашуун жолугушуулар болоору, Кыргызстандын аймактарын кыдырып, ири ишкерлер менен сүйлөшүп, келишимдерге кол коюлары айтылды. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG