Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча изилдөө жүргүзүлдү


Коррупцияга каршы митинг. Бишкек. 18-декабрь, 2019-жыл.
Коррупцияга каршы митинг. Бишкек. 18-декабрь, 2019-жыл.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алты илимий изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу "Сорос-Кыргызстан" фонду билдирди.

2021-жылдын февраль айында "Демократиялык башкаруу" программасынын алкагында "Кыргызстандагы коррупциянын көйгөйлөрүн изилдөө" деген темада эксперттик уюмдардын арасында изилдөө жүргүзүү үчүн ачык гранттык сынак жарыяланган. Сынактын негизги максаты коррупцияны жоюу жана алдын алуу боюнча натыйжалуу кадамдарды жасоого, мамлекеттик башкаруу көйгөйлөрүн чечүүнүн эң оптималдуу жолдорун калыптандырууга жардам бере турган конкреттүү маалыматтардын негизинде жооп алуу болгон.

Эксперттер Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы тобокелдиктерди аныктоодон баштап, студенттердин билим берүү тармагындагы коррупцияга болгон мамилесине чейинки ар кандай багыттар боюнча жарым жылдан ашык жүргүзүлгөн алты илимий эмгектин жыйынтыктарын сунушташкан.

"Өлкө жетекчилиги коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн башкы приоритети катары такай белгилеп келет. Бирок кырдаал анча деле өзгөрбөй, Кыргызстан коррупциянын деңгээли өтө жогору өлкө катары калууда жана бул көрүнүш коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө байкалууда", - деди "Демократиялык башкаруу" программасынын директору Эмил Жураев.

"Сорос-Кыргызстан" фонду изилдөөнүн жыйынтыктары жана сунуштардын негизинде коррупцияга каршы натыйжалуу чараларды аныктоо жана жайылтуу, зарыл чараларды жана демилгелерди алдыга жылдыруу боюнча кызматташууну улантууну пландаштырууда.

Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи. Эл аралык уюмдун маалыматына ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 100 баллдын ичинен 31 балл алып, коррупция күч алган мамлекеттердин катарына кирди.

XS
SM
MD
LG