Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Кыргызстан БУУда кыйноолор боюнча баяндама жасоодо


“Кыйноолорго каршы коалиция” уюму БУУнун сессиясына онлайн көз салууда. Кыргызстан.
“Кыйноолорго каршы коалиция” уюму БУУнун сессиясына онлайн көз салууда. Кыргызстан.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кезектеги сессиясында кыйноолорго байланыштуу баяндама жасап жатат. Бул тууралуу “Кыйноолорго каршы коалициясы” уюму маалымдады.

Уюмдун өкүлдөрү БУУнун сессиясына онлайн көз салып, «Клооп» басылмасы менен бирге маалымат берүүдө.

Сессияда Кыргызстандан юстиция министринин орун басары Канатбек Сманалиев баш болгон өкүлдөр баяндама жасап жатат. Сманалиев кыйноолорду алдын алуу үчүн жабык жайларда видео көзөмөлдөр орнотулганын айтып берди. Ал эми БУУнун өкүлдөрү мамлекеттик жактоочулар аймактарда жетишсиз экенин белгилешкен.

Буга чейин 10-11-ноябрда Кыргызстан кол койгон Конвенцияга ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) кыйноо жана башка кысым көрсөткөн мамилеге каршы иштер боюнча баяндама жасаары айтылган. Кыргызстандагы “Кыйноолорго каршы коалиция” уюму кыйноого байланышкан өлкөдөгү абал жөнүндө альтернативдүү баяндама даярдаган. Анда өлкөдөгү кыйноого каршы аракеттердин натыйжасы жана кемчиликтери белгиленген. Көйгөйлөрдүн бири катары кыйноого кабылганы аныкталган жарандарга төлөнүүчү кенемтенин суммасынын төмөндүгү жана пандемия учурундагы укук коргоочулар кабылган тоскоолдуктар жазылган.

2011-жылы негизделген "Кыйноолорго каршы коалиция" уюмунун курамында 13 укук коргоо уюму бар. Жалпысынан ага 322 арыз түшкөн, анын 240 териштириле баштаган, 15 кылмыш иши козголгон. 2020-жылы Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борборго 100дөй арыз келген.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин БУУнун мүчөсү катары өзүнө адам укуктарын коргоо багытында бир катар милдеттенмелерди алган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG