Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Бишкекте орусиялык ишкерлердин форуму өтүп жатат


Кыргызстан менен Орусиянын желеги.
Кыргызстан менен Орусиянын желеги.

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте орусиялык компаниялардын Эл аралык ишкерлер миссиясынын форуму өтүп жатат. Орусиядан бизнес чөйрөнүн 70тей өкүлү келген. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду уюштурган үч күндүк иш-чарада орус ишкерлери Кыргызстандагы ишкерлер менен жаңы продукт өндүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев өз сөзүндө Орусиянын агрардык жана энергетикалык тармакты өнүктүрүүдө тажрыйбасы маанилүү экенин билдирди.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков чет элдик инвестицияны коргоо маселесине токтолду.

"Өлкөнүн потенциалы өтө чоң. Өзгөчө Орусиянын ишкерлерине кайрылат элем, сиздер өзүңүздөргө Кыргызстанды ачасыздар. Биз сиздердин инвестиция ийгиликтүү болуш үчүн бардык аракетти жумшайбыз. Кыргызстан Борбор Азияда ийгиликтүү соода логистикалык хаб болуп калды", - деди Новиков.

Орусиялык ишкерлердин форуму 12-ноябрга чейин уланат. Анын жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.

Былтыр эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 1 миллиард 257 миллион доллардан ашкан.

Орусия өкмөтү пандемия маалында солгундап кеткен кыргыз-орус соода кызматташтыгын мурдагы калыбына келтирүүгө кызыкдар. Мындай пикирин Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин 2021-жылдын 25-февралында Москвага иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирген.

Ал өз сөзүндө ортодогу мамилени бекемдөө үчүн биргелешкен аракет зарыл экенин белгилеп, өкмөт аралык комиссиянын, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишин оң баалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG