Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Франция Лавров менен Шойгуну кабыл алат


Орусиянын коргоо жана тышкы иштер министрлери Сергей Шойгу жана Сергей Лавров.
Орусиянын коргоо жана тышкы иштер министрлери Сергей Шойгу жана Сергей Лавров.

Франциянын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү 12-ноябрда Орусиянын тышкы иштер жана коргоо министрлери менен жолугат. Францияда өтө турган жолугушууда Украина маселеси, Орусиянын Батыш Африкадагы аракеттери жана Ирандын өзөктүк программасы талкууга алынарын француз өкмөтү 9-ноябрда билдирди.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан, коргоо министри Флоренс Парли орусиялык кесиптештери Сергей Лавров жана Сергей Шойгу менен Ливия боюнча конференциянын алкагында жолугушат.

Бул орусиялык оппозициячы Алексей Навальный ууландырылгандан берки алгачкы “2+2” форматындагы жолугушуу. Франциянын өкүлдөрү Лавров жана Шойгу менен былтыр сентябрда дал ушундай форматта жолукмак, бирок Навальный уулангандан кийин Франция жолугушуудан баш тарткан.

Батыш өлкөлөрү Москваны Навальныйды өлтүрүү максатында уулуу зат колдонду деп айыптап, окуядан кийин Евробиримдик Орусиянын бийлик өкүлдөрүнө бир катар санкцияларды киргизген.

Навальный жана анын тарапташтары ууландырууга Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрүн күнөөлөп, алар Путиндин буйругун аткарганын айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG