Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Өзбекстан журналистти киргизген жок


Агнешка Пикулицка-Вильчевска.
Агнешка Пикулицка-Вильчевска.

Жекшембиден бери өзбек-казак чек арасында кармалып турган польшалык журналист Агнешка Пикулицка Ташкенттен Стамбул шаарына күч менен жөнөтүлгөнүн билдирди. Журналисттин өлкөдөн депортацияланышы боюнча өзбек бийлиги азырынча комментарий бере элек.

The Guardian, Al Jazeera, The Diplomat жана Eurasianet басылмаларынын журналисти Агнешка Пикулицка жекшембиден бери өзбек-казак чек ара бекетинде кармалып турганын Твиттерге жазган.

"Мага расмий түрдө Өзбекстанга кирүүгө тыюу салыныптыр. Азырынча себептерин билбейм. 27 сааттан бери суукта чек ара аймагында турам. Мен бул жерден качан жана каякка кетем белгисиз. Бул Өзбекстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрликтеринин чечимине көз каранды болот. Өзбек тарап Ташкент аэропортуна түз каттам менен барып, андан ары Түркияга учуп кетүүнү сунуштады", - деп жазды Пикулицка.

Журналист 9-ноябрда Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери аны күч менен Ташкенттин аэропортуна алып келип, Стамбул каттамындагы учакка отургузулганын “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына билдирди.

"Бүгүн эртең менен мени чек арадан аэропортко Мамлекеттик күзөт кызматынын үч адамы алып келишти. Аэропортко досум чемоданымды алып келди, үйгө барууга уруксат беришкен жок. Бул, албетте, абдан оор абал. Бирок, баары ордуна келет. Мен азыр Стамбул аэропортундамын. Польшадагы үйүмө мүмкүн болушунча тезирээк жетүүнү ойлоп жатам", - деди ал.

Агнешка Пикулицка жана Масс-медиа фондунун жетекчиси Комил Алламжанов. 2021-жыл, Ташкент.
Агнешка Пикулицка жана Масс-медиа фондунун жетекчиси Комил Алламжанов. 2021-жыл, Ташкент.

Азырынча расмий Ташкент журналисттин чек ара бекетинде эки күн кармалып, андан соң Түркияга күч менен депортацияланганы боюнча комментарий бере элек.

Бир катар эл аралык уюмдар жана активисттер Агнешка Пикулицканын өлкөгө киришине тыюу салынганын президенттик шайлоо менен байланыштырышууда.

Жоанна Лиллис.
Жоанна Лиллис.

Журналист жана Борбор Азия боюнча эксперт Жоанна Лиллис басма сөз жана сөз эркиндиги боюнча бир катар реформаларды убада кылган Мирзиёев өкмөтүнүн мындай кадамын кескин айыптады:

“Тилекке каршы, бул Мирзиёевдин экинчи мөөнөтү кандай болоорун ачык айкын көрсөтүп турат. Бул окуя көз карандысыз журналисттерди унчукпай жана бийликти сындабай иштөөгө үндөгөн белги".

Ал эми Human Rights Watch эл аралык уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине Пикулицканын окуясына тынчсызданганын билдиргенин Твиттердеги баракчасына жазды.

“Бул Өзбекстандагы басма сөз эркиндигинин абалы үчүн, өзгөчө журналисттер үчүн жаман жаңылык. Президенттин инаугурация аземинде берген убадалары менен өлкөдөгү чыныгы кырдаалдын ортосунда кескин айырма бар. Human Rights Watch уюму бүгүн Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине Агнешка Пикулицканын өлкөгө кирүүгө бөгөт коюлганы жана анын көз карандысыз маалымат каражаттарына жасаган мамилеси боюнча кайрылды", - деп жазды Уильямсон.

Ушул жылдын июнь айында Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөдө үч жылдан бери иштеп жүргөн Пикулицканын аккредитациясын узартуу өтүнүчүн толугу менен четке каккан эле.

Расмий билдирүүдө анын журналисттик аккредитациясынын мөөнөтү “өзбек мыйзамдарын бузгандыгы үчүн” узартылбай турганы айтылат.

Андыктан Пикулицка 7-ноябрда 30 күндүк визасыз мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып, кайра кирүү үчүн өзбек-казак чек арасына барып бирок кайра Өзбекстанга кире албай калган.

Ал ага кысым көрсөтүү жана аны өлкөгө киргизбөө чечими президент Шавкат Мирзиёев башында турган бүгүнкү Өзбекстандын сөз эркиндигине даяр эместигинин белгиси экенин айтат.

Агнешка Пикулицка-Вильчевска The Guardian, Al Jazeera, The Diplomat, Eurasianet сыяктуу басылмалар менен кызматташкан көз карандысыз журналист.

Ал 1-февралда Твиттердеги баракчасына бир нече айдан бери Өзбекстандагы аккредитациялык күбөлүгүн узарта албай келгенин жазып чыккан. Ал эми бул иш менен алектенген Тышкы иштер министрлигинин кызматкери басым көрсөткөнүн да билдирген.

Өзбекстанда чет элдик маалымат каражаттарында иштеген кызматкерлер «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамга ылайык Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан аккредитациядан өтүшөт.

Бийлик 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин Би-Би-Си, “Азаттык”, “Америка добушу” жана башка бир катар эл аралык маалымат каражаттарын каттоодон баш тарткан.

2019-жылы гана Би-Би-Си жана "Америка добушу" маалымат каражаттарынын кабарчыларын аккредитациядан өткөргөн.

Өлкөдө иштеген эл аралык журналисттер аккредитация жараяны узакка созулуп, ачык-айкын эмес экенин айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG