Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Өзбекстан: шайлоо бар, бирок тандоо жок


Өзбекстанда бийлик өкүлдөрү алдыдагы президенттик шайлоо демократиялуулугу жагынан мурдагыларынан бир топ айырмалана турганын айтууда. Бирок президенттик шайлоодо атаандаштык принциби бузулуп, көз карандысыз талапкерлерди жарыштан четтеткен учурлар белгиленди.

Мындай укук бузуулар тууралуу "Хьюман Райтс Вотч" эл аралык укук коргоо уюму менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу бюросу өзбек бийлигине эскертүү берди.

"Саясий атаандаштыгы жок шайлоо"

"Хьюман Райтс Вотч" эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстанда шайлоо тутумун реформалоо боюнча президент Шавкат Мирзиёевдин убадалары ишке ашпай жатканын ашкереледи. Анда 24-октябрда өтө турган президенттик шайлоого оппозиция өкүлдөрү же көз карандысыз талапкерлердин катышуусу чектелгени айтылат.

Мирзиёевдин экинчи мөөнөткө шайланышы күтүлүп жаткан бул шайлоодо ага атаандаш көз караштагы талапкерлерге мүмкүнчүлүк берилбегени сынга алынды. Анткени Шавкат Мирзиёевден башка талапкерлердин бардыгы ага альтернатива үчүн эмес, бир адамдын кызыкчылыгынын айланасында гана шайлоого катышып жатканы белгиленди.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги "топтогон колдору жетишсиз" деген негизде оппозициялык маанайдагы “Акыйкат жана өнүгүү” социал-демократиялык саясий партиясынын лидери, профессор Кыдырназар Аллакуловдун талапкерлигин каттоодон баш тартуу сунушун берип, Боршайком аны канааттандырган.

Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялар жетиштүү кол топтогондо гана алардын президенттикке көрсөткөн талапкери каттала алат. Бирок мындай чектөөнүн шайлоодон утуп келип, парламентке кирген партияларга тиешеси жок.

Кыдырназар Аллакулов ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу бюросунун эскертүүсүн кубаттап, эл аралык байкоочулардын тыянагы маанилүү дейт.

Кыдырназар Аллакулов, Өзбекстандын "Акыйкат жана өнүгүү" социал-демократиялык саясий партиясынын төрагасы.
Кыдырназар Аллакулов, Өзбекстандын "Акыйкат жана өнүгүү" социал-демократиялык саясий партиясынын төрагасы.

“Эч кандай шайлоо алдындагы талапкерлердин дебаттары жүргөн жок. Алар бири-бирине суроолорун бере алышпады. Муну шайлоо деп атоого да болбойт. Эркин шайлоо өтпөй турганын алар өз көзү менен көрүшсүн. Шайлоочулардын маанайын, алардын нааразылыгын өз көзү менен көрүп, ынануу үчүн "эл аралык байкоочулар келип жатат" деген пикирдемин. Ал эми биз үчүн эл аралык байкоочулардын болгону абдан маанилүү. Анткени алардын шайлоонун кандай өткөнүн көрүп, калыс жана акыйкат баасын бергени зарыл” - деди профессор Аллакулов.

Өзбек бийлиги дооматтарды четке какты

Шайлоо алдындагы өнөктүккө байкоо салган ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу бюросу талапкерлер ортосунда дебаттар жоктугун жана атаандаштык принциби бузулганын ырастады.

Ал эми Лондонго жакында иш сапары менен барган учурда Би-Би-Си радиосуна курган маегинде, Өзбекстандын парламентинин төрагасынын орун басары Садык Сафаев алдыдагы президенттик шайлоо эркин жана демократиялык нуктагы өзгөрүүлөрдүн шартында өтөрүн айтып, коюлган дооматтарды четке какты.

Ал талапкерлерди шайлоодон атайын четтетүү болбогонун, бирок айрым партиялар талапкерлеринин пайдасы үчүн кол топтоого жетишпей, мыйзамдын талабын аткара албай калган жагдайга токтолду.

Өзбекстандын Олий Мажлис Сенатынын төрагасынын орун басары Садык Сафаев.
Өзбекстандын Олий Мажлис Сенатынын төрагасынын орун басары Садык Сафаев.

“Бул партия мыйзамда талап кылынган 20 миң жарандын колунун жарымына жакынын дагы топтой алган эмес. Бул жана башка учурларды дагы алар талкууласа болмок. Бирок, мыйзамдын талабын аткарбаган болсо, эч ким ага көз жуумп коё албайт да. Мыйзам деген мыйзам. Мыйзамды аткарыш керек эле. Алар үчүн аны башка бирөөлөр аткарып бербейт. Азыр Өзбекстанда бардыгы эле оппозиция коомдун өнүгүүсүнүн бир фактору экенин түшүнүшөт. Коом оппозициянын сын-пикирисиз, атаандаш көз караш болбосо, өнүгүшү кыйын. Өзбекстанда мыйзамды сыйлаган оппозициянын болушуна кызыкчылык бар экенин айткым келет. Анан калса ал азыр кыйратуучу күч катары саналбайт” – дейт Сафаев.

Анткен менен ЕККУнун эл аралык байкоочулар миссиясына шайлоо өнөктүгүн чагылдырган эркин журналисттер менен блогерлерди коркуткан, көз карандысыз сайттарды жаптырган учурлар тууралуу арыздар түшкөнү анын дүшөмбү күнү тараткан билдирүүсүндө көрсөтүлдү.

Шайлоонун легитимдүүлүгү

Өткөн айда ЕККУ президенттик шайлоого көз салуу үчүн Өзбекстанга 26 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган эл аралык байкоочулар миссиясын жиберди.

Бозгундагы өзбек саясатчысы Мухаммад Салих ЕККУ Өзбекстанга толук кандуу эл аралык байкоочулар миссиясын жибергенин сынга алды.

Бозгундагы оппозициялык өзбек саясатчысы Мухаммад Салих.
Бозгундагы оппозициялык өзбек саясатчысы Мухаммад Салих.

“Бүгүнкү шайлоодо эркин тандоо жок. Бирок ЕККУ Өзбекстанга эл аралык байкоочулардын толук кандуу миссиясын жиберип, бул тандоосуз шайлоого легитимдүүлүктүн макамын берип жатат. Анан дагы көпчүлүк калк тарабынан кабыл алынбаган бул шайлоону демократиялык шайлоо катары кабыл алууга негиз түзүлүп жатат. Алар мындай кылбашы керек болчу. Анткени бул шайлоолор мурдагыларынан эч кандай деле айырмаланган жери жок” – деди Салих.

Мухаммед Салих негиздеген “Эрк” демократиялык партиясы ырчы Жахангир Атажановдун талапкерлигин көрсөтөрүн жарыялап, бирок ызы-чуудан соң, ал шайлоого барбай турганын билдирген.

Азыр президент Шавкат Мирзиёевден башка парламенттеги партиялардан төрт талапкер катталды. Алардын бардыгы бийликке сын айтпаган саясатчылар катары каралган.

ЕККУ менен "Хьюман Райтс Вотч" уюмдары 11-октябрда ар бири өз алдынча тараткан билдирүүлөрдө Өзбекстан өзүнө алган милдеттерин так аткаруу менен демократиялуу шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү болгонун белгилейт. Бирок өзбек бийлиги ачык жана эркин шайлоо өткөрүү боюнча берген убадаларын аткарбай койгону көрсөтүлдү.

Быйыл май айында ЕККУ шайлоо тутумун реформалоону сунуштап, Ташкент анын көпчүлүгүн эске аларын билдирген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG