Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:31

Мирзиёевди сынаган беш собол


Президент Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен добуш берди, 24-октябрь, 2021-жыл.

24-октябрда Өзбекстанда өтүп жаткан атаандаштык жок президенттик шайлоодо 64 жаштагы Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланганы турат.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону өттү деп жарыялады. Саат 13:00гө карата шайлоочулардын 33% ашыгы добуш берди.

Республика боюнча жалпысынан 19 млн. 859 миңден ашуун шайлоочу катталган. Шайлоого 971 эл аралык байкоочу көз салууда, анын ичинен 631и эл аралык уюмдардан, 340ы чет өлкөлөрдөн. Мындан тышкары партиялардан 54 миңге жакын жана жарандардын өз алдынча башкаруу органдарынан 11 миңдей байкоочу катталган.

БШКнын төрагасы Зайниддин Низамхожаев өлкөдө шайлоо мыйзам чегинде жана демократиялык принциптерге ылайык өтүп жатканын айтып, мыйзам бузуулар катталган жок деп билдирди.

Көптөгөн саясий серепчилер, журналисттер жана укук коргоочулар Өзбекстандагы шайлоо атаандаштыкта өттү деп айтууга болбойт деп эсептешет.

Биз бул шайлоонун оош-кыйышы, Мирзиёевдин соңку беш жылдагы өсүшү менен өксүгү жана кыргыз-өзбек алакасы тууралуу беш суроого жооп издейбиз.

2016-жылдын 2-сентябры. Бул күнү Өзбекстанды дээрлик 27 жыл башкарган Ислам Каримов 78 жашында көз жумганы тууралуу айың кептер ырасталган. Каримовдон башка бир дагы президентти көрбөгөн карапайым калкты да, эл аралык коомчулукту да авторитардык лидердин ордун ким басары кызыктырып турган.

Көп күттүрбөй 13 жыл бою Каримовдун премьер-министри болуп иштеген Шавкат Мирзиёев саясий айдыңга суурулуп чыккан. Конституция боюнча мамлекет башчынын милдетин парламенттин спикери аткарышы керек эле. Бирок Мирзиёев бул озуйпаны өз колуна алган жана 2016-жылдын 4-декабрындагы Каримов катышпаган алгачкы шайлоодо добуштардын 88 пайызын топтоп, Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Эми ал экинчи президенттик мөөнөтүн мелжеп турат.

Макаланын радио версиясын бул жерден угуңуз.

Мирзиёев Өзбекстанда эмнени өзгөрттү? (Аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:24 0:00
Түз линк

Шайлоодо Мирзиёев эмне үчүн жалгыз фаворит?

Байкоочулар саясий тажрыйбасы терең Шавкат Мирзиеёв 24-октябрдагы шайлоону чоң айырма менен жеңип чыгарынан күмөн санашпайт. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, Мирзиёевдин калк арасындагы кадыр-баркы дале жогору. Экинчиден, бул шайлоого сынчыл көз караштагы талапкерлер катыша алган жок.

Мирзиёев бийликке келгенден көп өтпөй Өзбекстанда аккредитация алган “Америка добушу” радиосунун кабарчысы Навбахар Имамова учурда Ташкентте шайлоо жараянын чагылдырып жүрөт. Ал эл ичинде Мирзиёевге добуш берем дегендер аз эмес экенин 20-октябрда “Карнеги фондунун” Өзбекстандагы шайлоону талдаган онлайн талкуусунда айтып берди.

“Эл менен байланышып, кимге добуш бере турганын сурасаңыз, “Мирзиёев” деген жооптуу угасыз. Сөз Мирзиёев менен башталып, Мирзиёев менен аяктайт. Айылдарда “Мирзиёев айтып жаткан өзгөрүүлөр биздин кыштакка келе элек” деп айткандар да көп. Алар “жолдорду карагылачы, ооруканаларыбыз бүтө элек, бала бакчаларыбыздын, мектептерибиздин абалын карагыла, 30 жыл мурда жаңыланган имараттарды карагыла” деп айтышат. Ошол эле учурда алар “бул өзгөрүүлөрдү Мирзиёев гана жасай алат, башка адам жок” дешет”, - деп билдирди Имамова.

Чынында Мирзиёевдин бул шайлоодогу атаандаштарынын баары кудум Каримовдун доорундагыдай бийликтин багытын колдогон талапкерлер. Алар: “Адилет” партиясынан Бахрам Абдухалимов, Элдик демократиялык партиядан Максуда Варисова, Экологиялык партиядан Назрулло Обломурадов, Улуттук кайра жаралуу партиясынан Алишер Кодиров.

Ал эми “Эрк”, “Акыйкат жана өнүгүү”, “Элдин кызыкчылыгы” сыяктуу оппозициялык партияларынын өкүлдөрү талапкер боло албай калды. "Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму жакында билдиргендей, Өзбекстанда каттоодон өткөн партиялар көрсөткөн талапкерлер гана президенттик шайлоого катыша алат деген талап "кеңири саясий топторду өнөктүктөн обочодо калтырып койду”.

Ырчы Жахонгир Атажанов шайлоого катыша алган жок.
Ырчы Жахонгир Атажанов шайлоого катыша алган жок.

Каттоодон өтпөгөн “Элдин кызыкчылыгы” партиясынын лидери Махмуджон Юлдашев Мирзиёевге каршы чыгууну көздөгөнү үчүн “өлтүрүп кетебиз” деген коркутууларга кабылганын билдирди. "Эрк" демократиялык партиясынан талапкер болгусу келген ырчы Жахонгир Атажановдун партиялаштарынын жыйынын жаалданган топ үзгүлтүккө учураткан. Ал акыры саясаттан кеткенин жарыялады.

Айтмакчы, оппозициядагы “Эрк” партиясына мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда тыюу салынган. Мындай чектөө Мирзиёев бийликке келгенден кийин да алынган эмес. Бул партиянын бозгунда жүргөн лидери Мухаммед Салих быйыл август айында эле шайлоону бойкоттоого чакырган болчу.

“Бойкот кылуу же кылбоо менен алардын шайланбай калышын камсыз кыла албайбыз. Баары бир сахналаштырышат. Бирок дүйнө жамааты жана калкыбыз мунун жасалма шайлоо экенин билиши керек”, - деп айткан Мухаммед Салих.

Шайлоо өнөктүгүнө даярдык башталгандан тартып, президент Мирзиёевдин саясатын сындаган башка активисттер да кысымга туш болгонун билдирип жатышты. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын журналисттери да соңку күндөрү интернетте ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болушту. Шайлоо алдындагы бул өңдүү маселелерди Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Өзбекстанга келген байкоочулары да ырастагандай болду.

Мирзиёев өзү оппозицияга каршы эмес экенин айткан жана анын тарапташтары президенттик шайлоо өнөктүгү талапка ылайык өткөнүн белгилеп келишет.

Өзбекстанда беш жылда эмне өзгөрдү?

Мирзиёев кызматка киришкенден көп өтпөй Өзбекстанда саясий мүнөздөгү айыптар менен абакта жаткан 50дөн ашык адам бошотулду. Алардын арасында журналисттер, укук коргоочулар жана айрым саясатчылар да бар.

Өзбек президенти коңшулар менен мамилени биринчи планга чыгарып, Борбор Азиядагы Каримовдон мураска калган чыңалуунун басаңдашына шарт түзө алды. Ал керек учурда “мурдагы жетекчисин” сындап, “Каримовдун тушунда Өзбекстан обочо калганын” баса белгилеп жатты.

Мирзиёев Анжияндагы трикотаж комбинатында. 17-июнь, 2021-жыл.
Мирзиёев Анжияндагы трикотаж комбинатында. 17-июнь, 2021-жыл.

Мындан тышкары Мирзиёев Өзбекстан бизнеске ачык өлкө экенин жарыялап, инвесторлорду тартып келүү үчүн Европага, Азияга, Түндүк Америкага жана Жакынкы Чыгышка делегацияларды тынымсыз жөнөтүп келди. Айрым адистер мындай аракеттердин акыбети кайтканын айтып жатышат.

“Экономикадагы бир топ маанилүү багыттар боюнча реформалар толук болбосо да алдыга жылды. Беш жыл мурда валюта алмаштырган көмүскө базарлар бар эле. Азыр валюта ачык сатылып жатат. Капиталдын рыногу пайда болду. Мурда мындай жок эле. Өлкө экономикалык жактан ачылды”, – деп билдирди “Карнеги фондунун” жыйынында Борбор Азия боюнча эксперт, Питтсбург университетинин эл аралык мамилелер боюнча доценти Женнифер Муртазашвили.

Экономика тармагындагы жылыштарды Дүйнөлүк банктын ишкерлерге түзүлгөн шарттарды талдаган Doing Business индекси да күбөлөп турат. Мирзиёевдин беш жылынын жыйынтыгы менен Өзбекстан бул эл аралык рейтингде 190 мамлекеттин ичинен 69-орунду ээледи. Каримовдун акыркы жылында өлкө 140-орундан өйдө көтөрүлгөн эмес.

9-сентябрда Шавкат Мирзиёев экинчи президенттик мөөнөтүнө аттанганын жарыялап жатып, өзү бийликке келген жылдары Өзбекстанда өндүрүш 34%, экспорт 1,5 эсе, чет элдик инвестиция 3 эсе өскөнүн, элдин орточо айлык акысы 2,2 эсе көтөрүлгөнүн айтты.

Ошол эле учурда соңку беш жылда Өзбекстандын тышкы карызы да өстү. “Азаттыктын” өзбек кызматынын эсебине ылайык, Мирзиёев бийликке келгенден бери сырттан 20 миллиард доллар карыз алды. Натыйжада Өзбекстандын тышкы карызынын көлөмү 36 миллиард долларды чапчыды. Муну менен Мирзиёев беш жылда бийликте турганда алган карыздын көлөмү Каримовдун 25 жылдык карызынан (16 миллиард доллар) да ашып кетти.

Беш жыл ичинде Мирзиёев бир катар ички маселелер боюнча да калктын көңүлүн алууга үлгүрдү. Ал Каримов сындап, “тилемчи” деп атаган мигранттарга колдоо көрсөттү. Мурдагы президенттин тушунда чоң маселеге айланган мажбурлап пахта тердирүү аракетин толук токтото албаса да, ага ачык каршылыгын билдирди.

Ошентсе да, мурдагы президент сыяктуу эле аткаминерлерди кагып-силкип, өктөм сүйлөп, элдин оозуна алынды.

“Жолдоштор, өтүк кийип, галстукту чечип, асмандан жерге түшүшүңөр керек”, - деп жемелеген эле кезинде аткаминерлерди Мирзиёев.

Анын мындай кадамын "популизм" деп мүнөздөгөндөр да болду. Айтмакчы, Мирзиёев Жизак облусундагы кыргыздар жашаган Манас айылын 45 күндө оңдоп-түзөтүп, коңшу өлкөлөрдө да колдоо тапты.

Кантсе да жогоруда айтылган оң жылыштар Шавкат Мирзиёев беш жыл мурда берген убадаларынын өтөсүнө чыкты дегенди билдирбейт. Тескерисинче, бир катар укук коргоо уюмдары жана активисттер Мирзиёев беш жыл ичинде Өзбекстанда терең реформаларды ишке ашыра албаганын белгилеп келишет.

Мирзиёев беш жылда эмнеден жазды?

Бул суроого жооп берүү үчүн Мирзиёевдин 2016-жылдын 14-декабрында парламентте ант берип жатканда “жарандык коом”, “сөз эркиндиги”, “мыйзам үстөмдүгү” тууралуу айткан сөздөрүн же батыл убадаларын эске сала кетели.

“Өлкөдө демократиялык реформаларды жана жарандык коомду түзүү аракеттерин мындан ары тереңдетүү боюнча концепцияны ишке ашырууда, мурдагыдай эле, жергиликтүү органдар, мындан тышкары бейөкмөт уюмдар, эркин жана объективдүү маалымат каражаттары активдүү катышат. “Күчтүү мамлекеттен – күчтүү жарандык коомго” аттуу маанилүү принципти жүзөгө ашырууда жарандык институттардын күчүнө бекем таянабыз”, - деп айткан эле беш жыл мурда Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанга байкоо салган эксперттердин айтымында, Шавкат Мирзиёев келгенден бери өлкөдө аз да болсо эркиндиктин желаргысы согуп, өзгөчө интернет айдыңында бийликке сын-пикирин ачык айта алгандар көбөйдү. Бирок бул жылыштар демократия жана сөз эркиндиги боюнча эл аралык рейтингдерде Өзбекстандын көрсөткүчүн анчалык жакшырта алган жок.

Маселен дүйнөдөгү эркиндиктин жана демократиянын абалына көз салган “Фридом Хаус” уюмунун жылдык рейтингдеринде Өзбекстан дале “эркин эмес” мамлекеттердин катарынан чыга элек.

Абакка кесилген блоггер Отабек Саттори.
Абакка кесилген блоггер Отабек Саттори.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Пресса эркиндиги” индексинде Өзбекстан учурда 180 мамлекеттин ичинен 157-орунда же сөз эркиндигин катуу чектеген өлкөлөрдүн катарында турат. Беш жыл мурда 166-орунда болчу.

“Хьюман Райтс Уотч” уюму айрым өзгөрүүлөргө карабастан Өзбекстанда саясий система авторитардык мүнөзүнөн арыла албаганын билдирүүдө. Кезинде бул уюмда иштеп кеткен укук коргоочу, Борбор Азиядагы адам укуктарына көз салып келе жаткан Стив Свердлоу беш жыл ичинде керек болсо артка чегинүүлөр болгонун да белгиледи.

“Пандемия башталгандан бери авторитардык мүнөздөгү адаттар көбүрөөк байкала баштаганын көрдүк. Бир нече жолу артка чегинүү болгонун көрдүк. Өткөн жылы көпчүлүктүн көңүлүн бурган бир нече иш боюнча “Рубикон чегинен” өтүп кеткен учурлар болду. Алар бизди өтө тынчсыздандырат. Алардын бири коррупция тууралуу жазган блогер Отабек Сатторинин быйыл жазында 6,5 жылга абакка кесилиши”, - деди Стив Свердлоу.

Акыркы беш жыл ичинде Өзбекстан дагы бир көйгөйдү чече алган жок. Өлкө эң көп коррупциялашкан мамлекеттердин катарынан чыга албады. Ислам Каримовдун акыркы жылында Өзбекстан дүйнөдөгү жемкорлуктун абалына көз салган Transparency International уюмунун “Коррупцияны кабылдоо индексинде” 156-орунда болсо, беш жылдан кийин өлкөнүн көрсөткүчү 10 баскычка (146-орун) гана жакшырды. Салыштыруу иретинде айтсак, Казакстан соңку тизмеде дүйнөдөгү 180дөй өлкөнүн ичинен 94-орунда, Кыргызстан 124-орунда турат.

Буга чейин “Азаттыктын” өзбек кызматы Мирзиёев Ташкенттен анча алыс эмес жерде хансарай салдырганын, анын күйөө балдары жана алардын жакындары шектүү схемаларга аралашканын, пандемия маалында келген каражаттардан президенттин айланасындагы адамдар туйтунганын иликтеп чыккан.

Алдыда кандай милдеттер турат?

Адистер Өзбекстанда айрым экономикалык реформалар ишке ашканы менен өзгөчө пандемия шартында элдин турмушун оңдой турган, аларды жумуш менен камсыздай турган батыл аракеттер зарыл экенин белгилешет. Себеби, өзбекстандык жүз миңдеген мигрант дагы деле Орусияда эмгектенип жүрөт.

“Мирзиёев калкы көп экономиканы мурастап калды. Өлкөнүн калкы жаш жана тез көбөйүп жатат. Ал жумуш ордуна жана экономикалык өнүгүүгө байланыштуу маселелерди чечиши керек. Жыл сайын жүз миңдеген жаштар жумуш рыногуна жаңыдан кошулат. Мирзиёевде аларга Орусияга барып, мигрант болуудан башка жол бар экенин көрсөтүшү кажет”, - деди эксперт Женнифер Муртазашвили.

Мындан тышкары эл аралык коомчулук өзбек президентинен жемкорлуктун тамырын кыркуучу, жарандык эркиндикти камсыз кылуучу чечкиндүү кадамдарды күтүп жатат. Укук коргоочу Стив Свердлоу Өзбекстанда реформалардын жыйынтыгы адам укуктарынын абалы менен байланышта экенин “Карнеги фондунун” онлайн талкуусунда белгиледи.

“Расмий өкүлдөр менен сүйлөшкөн учурда айтылган түшүндүрмөлөргө ылайык, Өзбекстанда реформа кылууну көздөгөн бир топ бар. Ошол эле учурда мамлекеттик кызматтарда ишти мурдагыдай бүткөрүүнү каалаган экинчи бир ири топ бар. Мен бул канчалык чын экенин билбейм. Балким актануу деле болушу мүмкүн. Кандай болсо да реформа процесси жай жүрүп жатат. Эл аралык коомчулук реформалар адам укуктары менен байланышта экенин айтпай койбошу керек”, - деди Свердлоу.

Президент Шавкат Мирзиёев өзү “Жаңы Өзбекстан” деген программасын алга сүрөп жатат. Ал сентябрь айында эгер экинчи мөөнөткө шайланып келсе, келечекте бир катар социалдык, экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзөрүн айтты. Ар бир үйгө жогорку ылдамдыктагы интернет киргизүүнү, ички дүң жыйымдын киши башына үлүшүн 1700 доллардан 4 миң долларга чейин чыгарууну, журналисттерди коргоого алууну убада кылды.

Мындан тышкары Өзбекстандын президентинин алдындагы тышкы саясатка байланыштуу маселелерди да унутпаш керек. Ал Борбор Азия чөлкөмүндө жана Ооганстанда коопсуздук жана чек ара маселелерине байланыштуу оңой эмес кырдаал өкүм сүрүп жаткан учурда экинчи президенттик мөөнөтүнө аттанууда.

Түркмөнстандын Аваза шаарына чогулган Борбор Азия лидерлери, 5-август 2021-жыл.
Түркмөнстандын Аваза шаарына чогулган Борбор Азия лидерлери, 5-август 2021-жыл.

Борбор Азия боюнча эксперт, “Карнеги фондунун” Орусиядагы кеңсесинин изилдөөчүсү Темур Умаров тышкы саясатта Өзбекстан буга чейинки багытын улантарын, өзүн чөлкөмдүн лидери катары көрсөтүүгө аракет кыларын айтты.

“Биринчиден, Борбор Азия жана регионалдык кызматташтык Ташкент үчүн негизги приоритет болот. Акыркы беш жылда ушундай болду. Бул уланат. Ташкенттин алдыңкы беш жылдык тышкы саясатындагы экинчи багыт – бул Ооганстан. Ооган темасы күн тартибинен түшүп калбайт. Бул Өзбекстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүк”, - деди Умаров.

Кыргыз-өзбек алакасы кандай абалда?

Тышкы саясат демекчи, азыр кыргыз-өзбек алакасы кандай абалда? Кандай өнүгүшү мүмкүн? Деген суроого учкай токтоло кетели.

Эки мамлекеттин ымаласы Өзбекстанды Ислам Каримов башкарып турган акыркы жылдарда салкындап кеткени көпчүлүккө белгилүү. 2016-жылы Каримов каза болгондон бир ай өткөндөн кийин Ташкент Кыргызстанга кучагын жайган. Мирзиёев президент болуп шайланары менен Өзбекстан Кыргызстанга аба жана жол каттамын жанданткан жана темир жол аркылуу жүк ташууга жеңилдиктерди берген.

Соңку беш жыл ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Ислам Каримовдун тушунда кыйла солгундап калган чек араны тактоо ишинде жылыштар байкалды.

Эки өлкө 2017-жылга карата 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымын же 85% тактап бүттү. Дагы 10% боюнча макулдашуу болгону кабарланган. Бирок алар өкмөттөр жана парламенттер ортосунда бекитилип, ратификациядан өтүшү керек. Азыркы сүйлөшүүлөр так ошол 10% жана калган 5% тилкенин алкагында жүрүп жатат.

Быйыл март айында Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаров Ташкентке барып, Шавкат Мирзиёев менен жолукканда эки тарап чек араны 3 айда чечүүнү макулдашкан болчу.

“Биздин карым-катышыбыздын тарыхында биринчи жолу чек ара боюнча өтө катуу, конкреттүү нерселерди макулдаштык. Ким эмне кылыш керек, качан кылыш керек деген маселелерди бүт такташтык. Анткени бул биздин калктарыбыз күтүп жаткан эң сезимтал көйгөй. Биз Садыр Нургожоевич экөөбүз керек болсо, так 3 айлык мөөнөт койдук”, - деп айткан Шавкат Мирзиёев.

Бирок андан бери жарым жылдан ашык убакыт өтсө да, чек ара толук такталды деген расмий маалымат боло элек. Анын үстүнө тараптар макулдашкандан көп өтпөй Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы жерлерди өзбек тарапка берүү аракетине байланыштуу нааразылык акциялары чек ара маселеси оңой-олтоң чечилбей турганын күбөлөгөндөй болду.

Мурдагы дипломат, эл аралык мамилелер боюнча адис Азат Эркебаев чек ара тилкелеринин 100 пайыз такталбай жатышын эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы негизги маселе катары мүнөздөдү.

“Эми дээрлик көпчүлүгү чечилип калды деп айтылып жатат. Кыргыз-тажик чек арасына салыштырмалуу кыргыз-өзбек чек арасынын чечилиши жеңилирээктей сезилет. Себеби Шавкат Мирзиёевдин тезирээк чек ара маселелерин чечип алып, регионалдык кызматташтыкка өтүүгө кызыкдар экенин айтсак болот. Албетте, чек ара маселеси оңой дегенден алысмын. Менин оюмча, кээ бир участоктор боюнча эки тараптын сүйлөшүүлөрү акыркы 3-4 айдын ичинде бир аз басаңдап калгандай. Биздин өзүбүздүн стратегиябызды балким өзгөртүп, же түздөп ала турган учурлар бар окшойт. Себеби чек ара маселелерин чечүүдө өзүбүздүн эл менен да көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Жерлерди алмашуу жолу менен болобу, же башка чечкиндүү жолдорго өтөрдүн алдында өзүбүздүн ичибизде ынтымакты сактап туруп, күчтүүрөөк позиция менен чыксак, мүмкүн алгылыктуу болмок”, - деди Эркебаев.

Президент Садыр Жапаров Ташкентке келген учур, 11-март 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров Ташкентке келген учур, 11-март 2021-жыл.

Кантсе да президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек араны тактоо иши аягына чыгып калганын 23-октябрдагы маалымат жыйынында айтты.

“Казакстан жана Өзбекстан менен мамлекеттер аралык мамилелерибиз жана кызматташтыгыбыз сапаттуу, жаңы деңгээлге чыкканын белгилей кетүүгө болот”, - деди президент Жапаров.

Мындан тышкары Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын соңку үч президенти менен жолугушууларында Ташкент Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышарын бир нече жолу айткан. Бул долбоорго Ислам Каримовдун бийлиги караманча-каршы болуп келгени белгилүү. Кыргыз бийлиги бул ГЭС Өзбекстандын жардамы менен үч жылда курулуп бүтөөрүн убада кылууда.

Ошондой эле, эки өлкө жакын жылдары товар алмашуунун көлөмүн 2 млрд. долларга чейин жеткирүүнү да көздөп турушат. Эл аралык мамилелер боюнча адис Азат Эркебаев соода-экономикалык алакада Кыргызстан көңүл бурчу жагдайлар бар экенин айтты.

“Азыр Өзбекстандан Кыргызстанга кирген өндүрүм, товарлардын көлөмү чоң. Кыргызстандан Өзбекстанга экспорттолгон товарларыбыз азыраак болуп жатат. Бул, албетте, соода-экономикалык мамилелерде дисбаланска алып келүүдө. Албетте, Өзбекстандан Кыргызстанга инвесторлордун келе баштаганы кубантат. Бирок биз дагы Өзбекстан менен көбүрөөк кызматташып, биз да ал жактагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып, өзгөчө чек ара аймактарында Кыргызстандын экономикасына ыңгайлуу же утуштуу жактары менен Өзбекстанга да соода-экономикалык жактан таасир тийгизчү абалга жетсек деген оюм бар. Мисалы Өзбекстан өтө чоң агрардык мамлекет болгону менен кээ бир айыл-чарба өндүрүмдөрүн бизден да ала турчу жагдайлар бар. Бизде эт-сүт азыктарын көбүрөөк экспорттоого мүмкүнчүлүбүз бар”, - деди мурдагы дипломат.

Азат Эркебаев Мирзиёев Борбор Азиядагы интеграциялык процесстердин жанданышында кайсы бир деңгээлде “локомотив” болуп бергенин, ал кыргыз-өзбек алакасындагы маселелерде “компромиске алып келе турган” саясатын көрсөтө алганын айтты. Ошондой эле, Мирзиёевдин кайра экинчи мөөнөтүнө шайланышы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Ошентип, Мирзиёевдин бийликке келиши менен 35 миллиондой калкы бар Өзбекстан дүйнөдөгү жабык мамлекеттердин катарынан чыгып, чөлкөмдүн турмуш-тиричилигине жигердүү катышууга аракет кылып жатканын адистер бир ооздон белгилеп жатышат. Ошол эле учурда Өзбекстанда саясий эркиндикти, басма сөз эркиндигин камсыз кылуу, адам укуктарын коргоо жана жемкорлукка каршы күрөшүү багытында кемчиликтер бар экенин айткандар да арбын.

Мирзиёев шайланып келсе, алдыдагы беш жылда өлкө ичинде да, сыртында да эмне өзгөрүү жасай алат? Өзбекстан Мирзиёевдин башкаруусу алдында демократиялык принциптер, мыйзам үстөмдүгү сакталган мамлекетке айлана алабы? Азырынча кайчы пикирлер кала берүүдө.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG