Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Абактагы кыйноо: Жалал-Абадда беш милиционер камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда кылмышка шектүү катары кармалган адамды кыйноо фактысы үчүн айыпталып жаткан беш милиционер камакка алынды. Ош шаардык сотунун чечими менен Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү кызматынын төрт азыркы жана бир мурдагы кызматкери Оштогу №25 тергөө абагына отургузулганын 15-ноябрда “Азаттык” радиосуна Кыйноолорго каршы коалиция билдирди.

Күч кызматкерлери 2019-жылдын апрель айында Токтогул районунун Торкен айылынын тургуну, баңги затын мыйзамсыз сатууга шектүү катары кармалган Абжал Нурубековду кыйноого алган деп айыпталып жатышат.

Нурубеков коюлган айыпты четке кагып, баңги затын ага башка бирөөлөр таштап койгонун айтып келет.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиционерлер Нурубековду ур-токмокко алып, тепкилеп, башына желим баштык кийгизип кыйнап, темир союл менен сабаганы айтылды. Анын укугун коргоо менен Жалал-Абаддагы "Справедливость" уюмунун адвокаты Нурислам Райимжанов алектенип, соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында кыйноо фактысы сотто далилденгени айтылды. Тергөө дээрлик 2,5 жыл созулуп, сот алгач Жалал-Абадда, кийин Ошто өттү.

Облустук милициянын басма сөз кызматы 2019-жылы бул окуя тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, Нурубеков 100 миң сомдук баңги затын сатып жаткан жеринен кармалганын, ага карата кыйноо болбогонун билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG