Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

Президент коррупция боюнча факт сурабай чара көрөрүн убада кылды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Коррупция фактылары аныкталса бийлик дароо тийиштүү чечим кабыл аларын бүгүн 16-ноябрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында убада кылды.

Мамлекет башчысы мурдагы бийлик менен салыштыруу келтирип, факты сурабай турганын, чечим бир күн создукпай кабыл алынарын белгиледи:

“Бирөө кишини өлтүрүп койсо журналисттер, блогерлер укмуш чуу кылып чыгып жатат го. Коррупциядан мындан он эсе чуу кылып чыгыш керек. Коррупционер адамдарды тапса. Мына деп туруп. Биз мурункудай “факт бер”, тиги же бу деп отурбайбыз. Далилдеп бересиңерби, ошол замат чечим кабыл алабыз. Бир күн созбойбуз”.

Ишкердик кеңеш быйыл июль айында түзүлгөн. Ага мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциацияларынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү мүчө. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы "Азаттыктын" коррупция тууралуу иликтөөсүнө байланыштуу суроого факты талап кылып жооп кайтарганы коомчулукта кызуу талуу жараткан.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйыны резолюция менен жыйынтыкталып, өлкөнүн коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу, жумуш тобун түзүп, 2021-2024-жылдарга карата стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу жана Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү тууралуу чечимдер кабыл алынды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG