Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Мигранттар кризиси: Путин Лукашенкону актады


Александр Лукашенко, Владимир Путин. Коллаж.
Александр Лукашенко, Владимир Путин. Коллаж.

Евробиримдик Беларуска каршы жаңы катаал санкцияларды салууга жакындады.

Польша көптөгөн мигранттарды чек арага ташып келгендин айынан чыңалуу күчөгөнүн билдирди. Поляк чек арачылары тилкенин өзүндө Беларустун күч түзүмдөрүнө кайрылып, аргасыз мигранттарды чек араны бузуп өтүүгө мажбурлап, анын артынан өлүмгө айдактап жатканын айыптады.

2 миңден ашуун мигрант 15-ноябрь күнү түшкө жуук поляк-беларус чек арасына, Брузги-Кузница өткөрмө бекетине келип, аларды тез арада Евробиримдиктин аймагына киргизүүнү талап кылды.

Бул тууралуу поляк полициясы аларды беларус бийлиги “бул жерден автобустар менен Германияга чыгарып кетүү маселеси чечилди” деп алдап, чек арага алып келгенин кабарлады.

Польшанын Коргоо министрлиги өткөрмө бекеттеги түзүлгөн кырдаал боюнча видеосун жарыялады. Анда чек арага мигранттарды айдактаган аракеттер көрсөтүлгөн.

Поляк күч түзүмдөрүнүн кайрылуусу

Поляк бийлиги Кузницада мигранттардын артында турган беларус күч түзүмдөрүнө үн күчөткүч аркылуу атайын кайрылуу жасады.

"Беларустар, силерден суранабыз. Бул адамдарды артынан мажбурлап, тийишпегиле. Алар силерге зыян келтирген жок. Силердин айыңардан алар өлүмгө учурашы мүмкүн. Булар тирүү бойдон үйүнө кайтсын. Биз түшүнөбүз. Силерге жогортон буйрук болгон. Бирок аялдар менен балдарды өлүмгө кептеген аракеттерди эч нерсе актабайт. Кошуналар, силерге айтарыбыз, аларга тоскоол болбогула, алар бул жерден үйүнө кетсин. Биз буга чейин чек араны коюн-колтук алышып, кайтарып келдик. Азыр эми силер бул бейкүнөө адамдарды пайдаланып, аларды коркунучтуу чекке түртүп жатасыңар. Ушундан кийин силер балдарыңар менен жубайыңардын көзүн кантип карайсыңар? Акылыңырга келгиле!!", - деген кайрылуу чек ара тилкесиндеги беларус күч түзүмдөрү менен аскерлерине карата орус жана беларус тилинде жаңырды.

Путин: Беларус күнөөлүү эмес

Беларустун аймагына мигранттар кандайча келип, поляк чек арасына жеткирилип жатканы тууралуу Минск үн ката элек. Бирок Лукашенкону колдогон Орусиянын президенти Владимир Путин Беларустун күнөөсү жоктугун, болгону Европага кетүүнү көздөгөндөрдүн багыты гана ал жакка карай өзгөргөнүн айтты:

"Беларуста маселе жок. Мигранттар ар түрдүү каттамдарды пайдаланат. Алар азыр Беларус жакка бурганы укмуш деле эмес. Александр Григорьевичтин мага түшүндүргөнү боюнча Беларуска мигранттар келген өлкөлөр менен визасыз режим бар. Алар саясий-аскердик абалдан жана экономикалык себептерден качууда. Анткени мигранттар Европада бир топ жогору жөлөк пул алабыз деп ойлошот", - деди Путин.

Брюсселде 15-ноябрда Евробиримдикке кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Беларуска каршы жаңы санкциялардын топтомун киргизүүнү талкуулады.

Анда Жакынкы Чыгыштан, Түндүк Африкадан жана Түштүк Чыгыш Азиядан Беларуска мигранттарды ташыган туристтик агенттиктерди, авиакомпанияларды жана Минскиге тиешелүү кызматтарды жазалоо чаралары каралды. Жакында алардын толук тизмеси аныкталып, ага катышы бар тараптардын чет өлкөлөрдөгү активдери камалып, ишмердиги чектелери айтылды.

Йеппе Кофод, Даниянын тышкы иштер министри.
Йеппе Кофод, Даниянын тышкы иштер министри.

"Бизге азыр Лукашенко менен белорус тарап көрүп жаткан нерселер таптакыр кабыл алынгыс экени тууралуу катуу билдирүү керек. Алар мыйзамсыз мигранттарды курал катары колдонуп жатат. Бул нерсе адамгерчиликке сыйбайт. Буга биз мүмкүн болушунча каршы турушубуз керек. Ошондуктан Дания Лукашенконун режимине каршы катаал санкцияларды жактаган өлкөлөрдүн бири. Ошондой эле биз бүгүн Беларуска каршы күчөтүлгөн санкциялардын бешинчи пакетин макулдаша алабыз деген ниеттемин", -деди Даниянын тышкы иштер министри Йеппе Кофод.

"НАТО азыр жөн эле карап турганы жарабайт"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг азырынча ачык аскердик агрессия жоктугун, бирок гибриддик иш-аракеттер жүрүп жатканын белгиледи:

Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы.
Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы.

"Биз азырынча НАТОнун кайсы бир мүчөсүнө каршы олуттуу аскердик агрессия коркунучун көрө элекпиз. Бирок НАТОнун мүчөсү Польша менен Беларустун чек арасында өтө оор кырдаал түзүлгөнүн байкап жатабыз. Литва менен Латвияда да ушундай жагдайлар бар. Биз бул эки союздашыбыз менен тилектешпиз. Биз Лукашенконун режимин айыптайбыз. НАТОнун мүчөлөрүнө каршы гибриддик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн аялуу мигранттарды, анын ичинде жаш балдар менен аялдарды колдонуу акылга сыйгыс", - деди НАТОнун баш катчысы Столтенберг.

Ага чейин Польша НАТОну кеңешке чогулуп, Беларус менен миграциялык кризисти конкреттүү кадамдар менен жөнгө салууга чакырган.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий чек арада кысым күчөп бараткандыктан НАТОну кеңешүүгө чакырды. Аскердик союздун келишимине ылайык, ага мүчө мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүнө, саясий көз карандысыздыгына жана коопсуздугуна коркунуч туулган учурда өз ара жардамдашуу боюнча кеңешке чогула алат.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий жана улуттук коргоо министри Мариуш Блашчак чек арага жакын жерде аскер кызматкерлерин тосуп алууда.
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий жана улуттук коргоо министри Мариуш Блашчак чек арага жакын жерде аскер кызматкерлерин тосуп алууда.

Азыр жөн эле камтамалыкты айтып коюу жетишсиз болуп турат. Альянстын ар бир мүчөсүнүн конкреттүү кадамы керек", – деди поляк премьер-министри Матеуш Моравецкий жергиликтүү маалымат агенттиктерине жасаган кайрылуусунда.

Ал эми ушул эле күнү Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Польша көңүл сыртында калбастыгын, азыр НАТОнун мүчөлөрү бири-бирине колдоо көрсөтүүгө милдеттүү экенин билдирди:

"Биз Орусиянын иш-аракети бир эле Европада эмес, бүткүл дүйнөдө арам ойлуу болуп жатканын таанышыбыз керек. Ал көп өлкөлөрдө туруксуздук жаратууда. Бул тынчыбызды алып, жалпы коопсуздукка коркунуч туудурат. Европа менен НАТО кызыл чектен өтүүгө болбой турганын эскертип, ага так жана чечкиндүү жооп берүүгө тийиш. Бул узак чатактагы эң маанилүү жол – күчтүү бойдон туруу. Биздин миңдеген аскерлер Чыгыш Европада жайгашкан. Алар көбүнчө Польша менен Эстонияда турат. Биздин НАТОдогу ал союздаштарды дайыма колдоп келебиз",- деди Бен Уоллес.

Ага чейин Латвия Беларус менен чектешкен аймагында аскердик машыгуу өткөрөрүн, буга Минск себеп болгонун айткан. Коргоо министри Артис Пабрикс аскердик машыгуулар 12-декабрга чейин созулуп, ага 3 миңдей аскер катышарын жарыялады.

Рига дагы кошумча күч, колдоо күтөт

Латыш президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Далюс Кулиесюс ага кошумча НАТОдон колдоо суралганын айтты:

"Биз НАТОдон кошумча жардам алуу үчүн конкреттүү критерийлерди макулдаштык. Мында НАТОнун негиздерин аныктаган Вашингтон келишиминин тиешелүү беренелери иштейт. Эгер жагымсыз багытта коркунуч күчөсө кандай чаралар зарыл болорун талкууладык".

Ошол эле кезде 15-ноябрда Латвиянын кошунасы Литвада Балтика өлкөлөрүнүн саммити башталды. Вильнюстагы бул жыйында Беларус аны менен чектеш өлкөлөргө жасалма түрдө түзүп жаткан миграциялык кысымдын максаты жана кесепеттери талкууланды. Анда Польша менен Балтика өлкөлөрүнүн макулдашылган аракеттери да каралды.

Украинага туулган коркунуч

Ал эми Батыштын атайын кызматтары 15-ноябрда Орусиянын Украинага аскердик кол салуу коркунучу өскөнүн эскертти. Бул тууралуу билдирген британдык Financial Times басылмасы чалгын маалыматтары быйылкы кышта же жазда болушу күтүлүп жаткан коркунуч былтыр жазында Орусия украин чек арасына аскерлерди топтоштургандан дагы коркунучтуу экенин Киевге эскерткенин жазды.

Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын Украинага каршы жаңы аскердик агрессияга даярдыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, кайра Киевдин өзүн айыптады:

"Украин президенти “Байрактарды” колдонгонун жигер менен айтты. Ал деген учкучсуз учуучу аппарат аскер аба күчтөрүнө кирет. Аны алар чатактуу тилкеде колдонуп жатышат. Бул Минск келишимине каршы келет. Бирок ага эч ким көңүл бурган жок. Евробиримдик түшүнүксүз бир нерсе айткан болду. АКШ болсо аны колдоду. Украин расмилери биз "Байрактарды" пайдаландык жана дагы пайдаланабыз" деп айтышты. Ал эми Кара деңизде пландан тышкары машыгууларды башташты. Алар бизди сак болушубузду текшерип жатышат көрүнөт. Биз кыраакылыкты жоготпойбуз", - деди Путин.

Соңку эскертүүлөргө байланыштуу жана Беларустан Украинага мигранттар агымы болушу мүмкүн деген шек менен Киев бул багыттагы чек араларын кайтарууга кошумча аскерлерин жайгаштырды.

Быйыл жайында Беларус баштаган миграциялык кризис Евробиримдиктин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литвага коркунуч жаратып, бул өлкөлөр чек араларын кайтарууну күчөтүлгөн тартипке өткөргөн. Быйыл жайдан бери Беларустан Евробиримдиктин чек арасын күч менен кесип өтүүгө 7 миңден ашуун аракет катталганын Польшанын Коргоо министрлиги жакында жарыялады.

Жакынкы Чыгыштан ташылып келинген мигранттар Беларустун аймагы аркылуу чек араны бузуп кирүүгө далалат жасап, буга өбөлгө түздү деп Евробиримдик Минскини айыптоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG