Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Бишкекте көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бир тонна көмүр баасы 3 миң сомдон сатылууда. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна ырастады.

Расмий маалыматка караганда, көмүр Мурманск көчөсү, 1б/1 дарегинде лимит менен сатылууда. Азырынча бир үй-бүлө эки тонна гана көмүр сатып алат. Лимит жакынкы күндөрү алынышы мүмкүн. Учурда Бишкекке 25-30 тоннадан 16 машина көмүр келе жатат. Маалымат каражаттары көмүр сатып алуу үчүн кезекте тургандардын саны 700 кишиге жеткенин жазышты.

Президент Садыр Жапаров 15-ноябрда Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулар менен жолугушкан учурда өкмөт Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү 3000 сомдон сата баштарын билдирген.

Өлкөдө суук түшкөнү көмүрдүн баасы кескин кымбаттап кетти жана кара отундун тартыштыгы байкалды.

Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 11-ноябрга карата Кыргызстанда көмүрдүн бир тоннасы 5 942,9 сомду түзүп, октябрь айына салыштырмалуу 14,7% кымбаттады.

Көмүр Ош облусунун Ноокат районунда эң кымбат сатылууда (бир тонна үчүн – 10 миң сом). Ал эми Баткенде 9 344,7 сом болсо, Исфанада 8 746,4 сомдон сатылып жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG