Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Коррупция боюнча бардык иштерди эми бир мекеме тергейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мындан ары коррупция боюнча иштердин баары бир мекемеде каралат. Бул тууралуу бүгүн 16-ноябрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында билдирди.

Жапаровдун айтымында, Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү, эми коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ошол жакта каралат:

“Бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл. Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп, талапкерлердин коррупцияга азгырылышына каршы туруусун аныктоо үчүн полиграфтан жана психологиялык тесттен өтүшү зарыл”.

Президент Ички иштер министрлигине, сот тутумуна, ошондой эле мамлекеттик кызматка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тандоо учурунда кызматкердин коррупцияга азгырылуусуна каршы туруктуулугун аныктоо үчүн психологиялык диагностика сөзсүз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экенин кошумчалады.

28-октябрда Кыргызстанда жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар жөнүндө кодекс, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди.

Жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун 2020-жыл боюнча рейтингинде Кыргызстан 100 баллдын 31ин алган. Бул тизмеде балл канчалык аз болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук жогору. 2015-жылы Кыргызстандыкы 28 балл болчу.

Соңку кездери ири өлчөмдөгү коррупция үчүн кармалып, кийин тергөө менен макулдашып, акчасын төлөгөн соң камактан бошонуп кеткендер көп болуп жатканы эл арасында талкууга алынууда.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйыны резолюция менен жыйынтыкталып, өлкөнүн коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу, жумуш тобун түзүп, 2021-2024-жылдарга карата стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу жана Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү тууралуу чечимдер кабыл алынды.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG