Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ичинен Кыргызстанда инфляция көрсөткүчү жогору


Улуттук статистика комитети 2021-жылдагы Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн экономикасындагы абалды салыштырмалуу талдаган маалымат чыгарды.

Ага ылайык, октябрь айында керектөө секторунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасынан Кыргызстанда инфляциянын деңгээли эң жогорку экени белгиленди. Сентябрда биримдикке мүчө мамлекеттердин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалган.

Кыргызстанда октябрь айында 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда инфляция 7,9% болуп, жогорку деңгээлге чыкты. Товарларга, өзгөчө азык-түлүккө болгон баа эсепке алганда 9,4%, кызмат көрсөтүү 1,9% өскөн.

Арменияда инфляциянын деңгээли, 4,2%, Орусия 6,5%, Казакстан 7% болду.

2021-жылдын октябрында 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу, Беларуста инфляциянын эң жогорку деңгээли азык-түлүк товарларына баанын жогорулашынын эсебинен (9,3%), башка товарларга (9,1%) жана кызмат көрсөтүүлөргө (6,3%) катталды.

Кыргызстанда июнда азык-түлүк баасы май айына салыштырмалуу 19,5% кымбаттаганын Улуттук статистика комитети кабарлаган.

Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы азык-түлүктүн жана күндөлүк турмушка керектүү товарлардын наркына да таасир этти. Расмий түрдө жалпы инфляция 7,9% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады. Улуттук статистика комитети дүйнөлүк рыноктогу кымбаттоону эске алып 2021-жылдын экинчи жарымында да баалар өсүшү ыктымал экенин эскерткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG