Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

УКМК: Транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды


Коллаж.
Коллаж.

Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алардын иши Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен териштирилип жатканын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, “Көк-Талаа” транспорттук көзөмөл пунктунун айрым кызматкерлери оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан акча талап кылып системалуу түрдө каражат алып турган.

13-ноябрда атайын кызмат пара алган деген шек менен Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысын (З.С.А.) жана “Көк-Талаа” пунктунун башкы инспекторун (М.Э.Э.) кармады. Шектүүлөр Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Кыргызстанда Транспорт жана жолдор министрлиги эң коррупцияланышкан мамлекеттик мекемелердин катарында турат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG