Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Президент Жапаров: өкмөт көмүрдү 3000 сомдон сата баштайт


Кара-Кече көмүр кенинде кезекте турган автоунаалар.
Кара-Кече көмүр кенинде кезекте турган автоунаалар.

Президент Садыр Жапаров өкмөт Бишкекте Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү 3000 сомдон сатып баштарын билдирди. Бул тууралуу ал 15-ноябрда Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулар менен жолугушууда айтты.

"Көмүрдүн баасы бүгүн 3000 сомго түшөт. Бишкекте бир жерге түшүрүп жатабыз. Дарегин билбейм. Маалымат социалдык тармактарга, телевидениеге чыгат. Муну өкмөт уюштуруп жатат. Ташып келгендер 6000 сомдон сатып жатат. "Бааны түшүр" десек түшүрбөй коюшту. Эми өзүбүз колго алып, үч миңге түшүрүп салалы деп атабыз. Сатса алар да ушундай сатат, болбосо аймактарга ташысын".

Өлкөдө суук түшкөнү көмүрдүн баасы кескин кымбаттап кетти жана кара отундун тартышыгы байкалды.

Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 11-ноябрга карата Кыргызстанда көмүрдүн бир тоннасы 5 942,9 сомду түзүп, октябрь айына салыштырмалуу 14,7% кымбаттады.

Көмүр Ош облусунун Ноокат районунда эң кымбат сатылууда (бир тонна үчүн – 10 миң сом). Ал эми Баткенде 9 344,7 сом болсо, Исфанада 8 746,4 сомдон сатылып жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG