Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Кыргызстан “Мегаком” боюнча эл аралык арбитраждык сотто биротоло утту


“Мегаком” уюк операторунун кеңсеси.

Кыргызстан 300 миллион доллардан ашык суммадагы “Мегаком” уюк операторуна байланыштуу ишти Лондон шаарында эл аралык арбитраждык сотто биротоло утту. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Penwell Business Limited компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берип, өлкө “БиМоКом” (“Мегаком”) компаниясынын инвестицияларын ээлеп алган деп даттанган. 298 миллион доллар өндүрүүнү талап кылып келген.

Быйыл, 8-октябрда арбитраждык сот аны четке каккан. 5-ноябрда чечимди жокко чыгаруу үчүн Лондондун Жогорку сотуна өтүнүч берүүнүн мөөнөтү аяктады. Бул жагдай кыргыз тарап дээрлик 300 миллион доллар талашты биротоло утту дегенди билдирет.

Министрлик 2005-жылы “БиМоКом” (“Мегаком”) ишканасынын акцияларын сатууда коррупциялык иштер болгонун маалымдады.

“Мегаком” уюк байланыш түйүнү 2006-жылдын 28-апрелинде коммерциялык түрдө ишке кирген. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң убактылуу өкмөт бул компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы ишкана толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG