Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Садыр Жапаров: Бул шайлоо - беш жылга карата акыркы саясий процесс


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бул жолку парламенттик шайлоо Кыргызстан үчүн келечектеги беш жылга карата акыркы саясий процесс болот деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда айтты.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Жапаров өз сөзүндө буга өзгөчө көңүл буруп, шайлоону өткөргөндөн кийин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасаларын белгиледи.

Жапаров добушун саткан жана сатып алгандар жоопко тартыларын, Жазык кодексине ылайык, мындай кылмыш үчүн эркиндиктен ажыратуу жазасы каралганын эскертти жана муну “ушундай ыкма гана токтото аларын” кошумчалады.

28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG