Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Ооганстанда улуттук валютанын куну төмөндөдү


Кабулдагы базар, сентябрь, 2021-жыл
Кабулдагы базар, сентябрь, 2021-жыл

Ооганстандын улуттук валютасынын наркы АКШ долларына карата 20 жылдагы эң төмөн курска түшүп кетти. 14-ноябрда борбордук Сараи Шахзада акча алмаштыруу базарында бир доллар 95 афганиге сатылып жатты. Анын алдыңкы күндөрдө курс 91,5 афгани болчу.

Ооганстандын жаңы валютасы 2002-жылы Германияда басылып чыкканда анын долларга курсу 43 деп бааланган. Талибдер бийликти ээлеп алган августтун ортосуна чейин Кабул өкмөтү маал-маалы менен рынокко доллар чыгарып, курсту кармап турчу. ”Талибан” кыймылы бийликке келгенден бери Батыш өлкөлөрү Ооганстандын өз банктарындагы каражаттарын алууну чектеген. Финансылык жардамын токтотушкан.

Улуттук акчанын куну качканы, импорттолгон товарлардын, күйүүчү май, азык-түлүктүн баасы дагы көтөрүлмөкчү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG