Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда дээрлик 15 пайызга өстү


Кыргызстан боюнча көмүрдүн чекене баалары 2021-жылдын 11-ноябрына карата бир тоннасы 5 942,9 сомду түздү. Бул октябрь айына караганда 14,7 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районунда көмүр эң кымбат баада сатылууда (бир тонна үчүн – 10 миң сом). Ал эми Баткенде 9 344,7 сом болсо, Исфанада 8 746,4 сомдон сатылып жатат.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 миң 500 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен - тоннасы 1 138,0 сомго (19%), Бишкек – тоннасы 1 039,1 сомго (22,8 %), Талас – тоннасы 989,2 сомго (17,4 %) жана Жалал-Абад – 946,3 сомго (16,2%) өсүшү белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров 11-ноябрда кышкы жылуулук сезону боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрүп, көмүрдү бардык аймактарга жеткирүүнү буйруган. Ал Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына карабай, быйыл кышында элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга жетекчилерди милдеттендирди. "Көмүр убагында жеткирилсе, электр энергиясы кыйла үнөм болмок. Биз баарына даяр болушубуз керек", - деген Жапаров.

Бишкекте бир тонна көмүр 6 500 сомго чыкканы айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG