Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Тойканадагы кызга кол көтөргөн окуя боюнча милиция билдирүү жасады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүй облустук милициясы Аламүдүн районундагы тойкананын биринде белгисиз адамдын ошол жакта иштеген кызды жаткыра тепкен окуясы боюнча маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, жабырлануучу берген арыздын негизинде шектүү аныкталган. 27 жаштагы Э.А. аттуу жаранга Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренесинин ("Майда бейбаштык") негизинде шектүү катары кабарлоо 10-ноябрда берилген. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

"Учурда бардык зарыл болгон иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин кыска убакыт ичинде сотко материалдар жиберилет. Ошону менен биргеликте жабырлануучу тарабынан "бул факты боюнча милиция кызматкерлери каттабай коюшту" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Сотко чейинки өндүрүштө жабырлануучунун денесине келтирилген зыянды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын кортундусуна ылайык жабырлануучунун ден соолугуна жеңил зыян келтирилгендиги белгилүү болгон", - деп жазылган милиция тараткан билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Көк-Жар айылындагы ресторандын биринде белгисиз адам тарабынан эч себепсиз сабалганын айтып 19 жаштагы кыз 26-сентябрда арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында белгисиз кишинин тек-жайы аныкталган. Ал суракка алынып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жана мас экендигин билдирген.

Буга чейин социалдык тармактарга эркек киши чуркап келип кызды жаткыра тепкен видео тарап, коомчулуктун талкуусуна түшкөн. "Кактус-медиа" кыз тойдо тарткан сүрөттү арзандатпай койгону үчүн токмоктолгонун жазды. Жабырлануучунун жакындары шектүү жоопкерчиликке тартылбай жатканына нааразылыгын билдиршкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG