Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Тажикстанда кармалып турган Артыковдун туугандары митингге чыкты


Миттингге чыккандар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолукту.
Миттингге чыккандар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолукту.

Кыргыз-тажик чек арасында кармалган Кыргызстандын жараны Сайдахмет Артиковдун (Саидакмат Артыков) жакындары бүгүн, 12-ноябрда өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Анын аялы Наргиза Артикова күйөөсү бейкүнөө кармалганын жана кыйноого кабылып, ооруканада жатканын айтты.

“Күйөөмдү Жийделик айылынын эли өздөрү айыл башчы кылып шайлап алган. Буга чейин деле тажик тарап кыргыздарды кармаганда менин күйөөм барып аларды чыгарып келип жүргөн. 16-сентябрда үйдө отурган жеринен Тажикстандын атайын кызматы кармап, алып кеткен бойдон 40 күн бизге көрсөткөн жок”.

Артиковдун бир туугандары ал кыйноого кабылып, азыр оор абалда тергөө абагынын ооруканасында деп билдиришти. Алар укук коргоо органдарына, Акыйкатчы, президент жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилигине кайрылуу жасап, Тажикстан камаган айылдаштарын чыгарып берүүнү өтүнүштү.

Акцияга чыккандарга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолугуп, маселени тийиштүү органдарга жеткирип, кыргыз жарандарын чыгарууга көмөктөшөрүн айтты.

16-сентябрь күнү Тажикстандын Жийделик айылына жакын жерден кармалган Кыргызстандын 44 жаштагы жараны Саидакмат Артыковго алгач "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деген кине коюлган. Кийин ага “тыңчылык” айыбы да коюлуп жатканы белгилүү болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек аранын тактала электигине байланыштуу тынымсыз жаңжалдар болуп турат. Акыркы жолу ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Расмий Бишкек эки тараптуу жалпы каттамдарды толук калыбына келтирүү иши чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктагандан кийин карала турганы айтылган.

Учурда Тажикстанда чек араны "мыйзамсыз кесип өткөн" деген негизде Кыргызстандын ондой жараны кармалып турат. Алардын арасында Жерге-Тал жана Мургабдагы туугандарынан кабар алуу үчүн барган Кыргызстандын төрт жараны 2,5-5 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Тажикстандын Жийделик айылында жашаган төрт Кыргызстандын жараны да кармалганы айтылган. (KS/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG