Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Бишкекте маданият өкүлдөрүнүн портреттеринин көргөзмөсү ачылды


Көргөзмөдө көрүнүктүү маданият өкүлдөрүнүн портреттери илинген.
Көргөзмөдө көрүнүктүү маданият өкүлдөрүнүн портреттери илинген.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Асан Турсункуловдун "Алтын уютку" деп аталган сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөдө көрүнүктүү маданият өкүлдөрүнүн портреттери жана сүрөтчүнүн башка темадагы сүрөттөрү илинген. 200гө жакын эмгектин арасында “Азаттык” радиосунун көзү өткөн чыгаан журналисттери Зайырбек Ажыматов жана Уланбек Эгизбаевдин дагы сүрөтү бар.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана портрети илинген өнөр адамдарынын жакындары катышып жатат.

Белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов "Улуу эл", "Элдин мүлкү", "Жети", "Бийлик мифологиясы", "Манас ааламы", "Кут кармаган аял", "Алтын кылымдын асыл адамдары", "Буюккан жылдыздар", "Кудайдын мыйзамы" деген сүрөттөрү менен белгилүү. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG