Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Аксы: жаранга ок атып, машинесин айдап кеткен шектүү кармалды


Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.
Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.

Жалал-Абаддын Аксы райондук ички иштер бөлүмү ок атууга шектүү катары 24 жаштагы жергиликтүү тургунду кармап, убактылуу кармоочу жайга эки айга камакка алды. Окуяга тиешеси бар дагы бир адам шектүү катары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Райондук милицияга 23 жаштагы тургун кайрылып, 9-ноябрь түнү кармалган жаран ага 2-3 жолу ок атып, автоунаасын айдап кеткенин айтып арызданган. Милициянын маалыматында, ок тийген жабырлануучу аймактык ооруканага жаткырылды.

Факт Жазык кодексинин 39-беренеси (“Кылмышка аракеттенүү”) 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Окуя болгон жерден октун төрт гилзасы далил буюм катары алынды. Ал эми жабырлануучунун машинеси Кербен шаарында токтоп турган жеринен табылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG